Берлинге чейин барып согушкан 90 жаштагы Анвар ата өзүнөн бир жаш улуу үйдө жашайт

Жазылуу
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери таластык Анвар Курамаев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Адрей Крутьконун колунан III даражадагы Даңк орденин алды.

Быйыл ардагер өзүнүн 90 жылдыгын белгиледи. Анвар Курамаев аскерге 1943-жылы чакырылып, 2-Белорус фронтунун 116-танкалык бригадасынын курамында пулеметчу болгон. Берлинди алууга катышып, Рейхстагдын жанынан жаракат алган. Көрсөткөн каармандыгы үчүн 1945-жылдагы буйрук менен III даражадагы Даңк орденине көрсөтүлгөн.

Анвар Курамаев Берлин шаарында фашисттик Германиянын аскерлерине карата кандай согушканын мындайча айтып берди. 

"Көчө согушу деп коет, Берлиндин ичинде немис менен орустун солдаттары аралашып кеткен эле. Мен бир канча немистерди артынан кууп барып, "азыр атам, өлөсүңөр" десем болбой, кылчактап кете берди. Оң жагымда жашынып аткан офицер мага колу менен "тигил жакты кара" деп көрсөтүп калды. Үстүн жаап койгон замбиректин оозу көрүнүп турган экен. Артка карай келе жатканымда сегиздей немис алдыман чыкты. Аларды пулемет менен аттым", — дейт ал.

Дагы берилегенде капталынан танка чыкканын айтып, анын бензин багына гранатаны ыргытып, жардырганын айтты.

Улгайган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түптө ардагерлер үчүн эс алуу борбору ачылды
Андан кийин алды жагынан жарылуу болуп, сыныктары тийген. Катуу жарадар болгондуктан алты ай госпиталда жаткан. Ал Улуу Жеңишке төрт күн калганда 5-майда жаракат алган. Көп убакыт дарыланып калгандыктан анын Берлин шаарындагы согушка катышып, эрдик жасаганы унутулуп калганын айтат. Госпиталдан Кызыл Жылдыз жана Эрдик үчүн ордендерин уурдатып жибергенин кошумчалады.

90 жаштагы Анвар ата буга чейинки өлкөнүн президенттерине да эмгеги өткөн орденди алуу боюнча бир нече жолу кайрылганын айтат. Курманбек Бакиев өлкөнү башкарып турганда аны иликтеп таап тапшырарын айткан. Кийин өткөөл мезгил учурунда мамлекет башчысы болгон Роза Отунбаевага кирип сураштырайын десе, башкалар анын иши көп экенин айткандан улам кайрылган эмес. Азыркы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевге да кирип жагдайын түшүндүрөйүн десе, кол алдындагылар түрдүү шылтоолорду айтуу менен босогодон эле узатып коюшкан.

90 жаштага ардагер жардамга муктаж

Афганчы-жоокерлер Ардагерлер кеңешинин 25 жылдык мааракесин белгилөөдө
Анвар Курамаевдин кемпири Саара Курамаеванын айтымында, алар жашап жаткан үй 1926-жылы салынган экен. Учурда дубалдар урап-түшүү коркунучу алдында турат. Андыктан аларга мамлекет тарабынан жардам болсо турмуш-тиричилиги жеңилдерин айтат. Себеби, дубалдары жарылган үй суук болуп, кышында жакшы жылыбайт. Алар бардык жакка жардам сурап кайрылганын айтат. Бирок, жарытылуу деле жардам болгон эмес. Саара апанын айтымында, анын үч уулу жана бир кызы бар.

Ноябрь айынын ортосунда Кыргызстандагы Росскызматташуунун өкүлчүлүгүндө Россиянын элчиси Андрей Крутько 70 жылдан бери ээсин таппай келген Даңк медалын Анвар Курамаевге тапшырды. Ал өз сөзүндө бул сыйлыкты Россиянын президенти Владимир Путиндин тапшырмасы менен тапшырып жатканын айтып, элчилик тарабынан да тийиштүү жардамдар берилерин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0