Бир бөлмөдөгү алты кишилик керебет. Кулчулукта жүргөн КР жарандарын бошотуу учуру

Жазылуу
Россиянын Ковров шаарындагы цехтердин биринде кулчулукта жүргөн кыргызстандыктар бошотулду. Бул тууралуу КРдин Россиядагы элчилиги билдирет.

Кулчулукта жүргөн кыргызстандыктарды бошотуу үчүн РФтин ӨКМ кызматкерлери эшикти сындырды
Айтылган дарек боюнча текшерүүгө келген элчиликтин өкүлдөрү сыртынан бекитилген имаратка туш болушкан. Россиянын полиция жана ӨКМ кызматкерлери эшикти талкалап, анын ичинде тынымсыз иштеген кыргызстандык жарандарды аныкташкан.

Билдирүүгө ылайык, алданып кулчулукка туш болгон кыргызстандыктар тууралуу маалыматты текшерүү максатында Россиядагы КРдин элчилиги аталган шаарга барып, иштин чоо-жайын териштирген. 

Алдын ала маалымат боюнча, өзүн Чыныгүл деп тааныштырган кыргызстандык аял 14 мекендешин чогултуп, жол киресин төлөп, Ковров шаарына тигүү фабрикасында иштеткени алып келген. Аларга айына 80-90 миң рубль айлык алары айтылган.

Териштирүү маалында ишкананын администратору жарандар келери менен паспортун алып, бир тараптуу жасалма келишим түзгөнү маалым болду. Салык төлөмү катары ар бир жумушчудан ай сайын 5 миң рублден акча алынып турган. Мындан тышкары, эмгек абдан төмөн бааланып, айына болгону 7-8 миң рублге иштеп келишкен. Тигүүчүлөр цехтин жанындагы бөлмөдөн тамактанып, нымдуу, жашоого ылайыкташпаган жайда күн көрүп келишкен. Үч үй-бүлө бир бөлмөгө коюлган үч чоң керебетке түнөшчү.

Россиянын Ковров шаарында кулчулукта жүргөн 17 кыргызстандык бошотулду
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кыргызстандын сегиз жаранынын паспорту кайтарылып, өз каалоосу менен Москва облусундагы ири цехке расмий жумушка орноштурулган. Калган тогуз жаран Чыныгүл менен болгон туугандык байланышынан улам жумушка орношуудан баш тарткан. 

Учурда аталган факты боюнча чогултулган материалдар ИИБ тарабынан каттоого алынып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0