Ошто жабыркагандарга гуманитардык жардам жүктөлгөн машиналар жөнөтүлдү

Жазылуу
Гуманитардык жардамдын тизмесине азык-түлүк, жылуу кийим, жууркан-төшөк жана курулуш материалдары кирет. Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынан чогултулган жардамга Талас жана Жалал-Абаддан чогулгандар кошулат.

Бишкек шаарынын эски аянтында шейшемби күнү гуманитардык жардам жүктөлгөн 17 машина Ош облусуна жөнөп кетти.

Биринчи вице-премьер Аалы Карашев белгилегендей, алгачкы жардам үйү оңдоого муктаж болгон 441 үй-бүлөгө берилет. Гуманитардык жардам калктын аялуу катмарына таратылат.

"Мындан ары да жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам берүү улантылат. Ал боюнча банктан эсеп ачылды. Ал жакка түрдүү мамлекеттик органдардан, жеке адамдардан акча түшүп жатат. Келип түшкөн каражат жапа чеккен бардык кишиге ачык-айкын таратылып берилет", — деди Карашев.

Гуманитардык жүктү жооптуу кишилер да коштоп барууда.

17-ноябрдан 18-ноябрга караган түнү Кыргызстандын түштүгүндө жер титиреген. Анын кесепетинен жүздөгөн үйлөр жараксыз абалга келип, тургундарга кыйынчылык жаратууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0