Бактылуу эне менен алты миллионунчу кыргызстандык. Төрөт үйүнөн кадрлар

Жазылуу
Шаршемби күнү кечинде Кыргызстанда алты миллионунчу кыргызстандык кыз бала жарыкка келди.

Ымыркай Ош шаарында жашаган Улуттук гвардиянын кызматкери Алмаз Кожошевдин үй-бүлөсүндө төрөлдү.

Наристенин энеси Рахат Белекова өзүнүн да, кызынын да ден соолугу жакшы экенин айтты.

"Көз жарганымдан кийин жолдошум чалып, ыраазычылыгын билдирди. Андан кийин биз кызыбыздын алты миллионунчу жараны болгонун билдик. Бул аябай күтүүсүз болду. Мен кызым келечекте элинин керегине жарай турган инсан болоруна терең ишенем", — деди ал.

Алты миллионунчу Айлин үйдө алтынчы бөбөк болуп төрөлдү
Мындан тышкары, бактылуу эне ымыркайдын атын бир туугандары Айлин деп атоону каалап жаткандыктарын белгиледи. Буга чейин атасы да кыздары ушул атты тандап алышканын айткан. Бирок Белекова ымыркай алты миллионунчу кыргызстандык болгондон кийин ага президент Алмазбек Атамбаев ат коюусу керек деп эсептейт.

Жаңы төрөлгөн кыздын салмагы 3 килограмм 870 граммды түздү. Кожошевдер буга чейин беш баланын ата-энеси болуп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0