Фрунзе-Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде автоунаа кызды тебелеп кетти

Жазылуу
Кырсык эмнеден болуп кеткени азырынча белгисиз. Болжол менен 18 жаштын тегерегиндеги кызды коюп кеткен айдоочу аны ооруканага өзү алып кетти.

Бишкек шаарында Турусбеков – Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде автоунаа жөө адамды коюп кетти деп билдирди Sputnik кабарчысы кырсык болгон жерден. 

Жабырланган кыз болжол менен 18 жаштын тегерегинде. Койдуруп алган айдоочу кызды өзү №4 травмотология жана ортопедия улуттук борборунуна алып кетти. Кырсык эмнеден болуп кеткени азырынча белгисиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0