Кызыл-белдик энелер балдарга берилүүчү жөлөк пулдун кесилишине нааразы

Жазылуу
Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагылар акыркы алты айдан бери балдардын пособиеси берилбей, жергиликтүү социалдык кызматкерлер өкмөттүн буйругунун негизинде жөлөк пул алгандардын санын азайтып жатат деген маалыматты айтышты.

Бишкек базарындагы араба түрткөн бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жыл башынан бери 1,5 миллиард сомдон ашуун жөлөк пул төлөндү
Баткен районуна караштуу Кызыл-Бел айылында 400 ашык 18 жашка чейинки балага мамлекет тарабынан 700 сом өлчөмүндө жөлөк пул берилет. Бул сумма алар үчүн кирешенин негизги булагы. 

Үч баланын энеси Жылдызхан Эгембердиева кирешенин негизги булагы жөлөк пул экендигин айтты. 

Ал ЖК депутаттарына кеткен чыгымды кыскартып, анын эсебинен жөлөк пулду берүүгө жумшаса болот эле деген пикирин билдирди.

Дагы бир жашоочу Гүлчехра Хамзаева пособие алууга документтерин тапшыргандыгына жарым жыл болгондугун, бирок, улам кийинкиге калтырып, тил эмизип келе жаткандыгын айтты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0