(0:58 / 6.31Mb / )

Тандырга кызарта жабылган токочтор жеген сайын жегиңди келтирет

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Челпек айылынын тургуну Гүлсара Чыныбаева эки жылдан бери нан бышырып ишкердик кылат. Анын чакан наабайканасында үч киши иштейт. Бул жерден тапкан каражаты күнүмдүк оокат кылуусуна кенен жетет.

Үй шартындагы ыкма менен май, сүт кошулуп жасалган токоч бир жумага чейин эскирбейт. Токочторду Гүлсара Чыныбаева Челпек айылына сатат. Күнүнө 500гө чейин токоч бышырарын айткан ишкер аял нанды айылдыктар такай сатып аларын, ошондой эле той берген тургундарга да тапшырык менен жасап бере турганын айтат.

Тандырга 100 токочко чейин батат. Андыктан, ал нанды бир күндө беш жолу жабат.

Белгилер:
тандыр, токоч, Ысык-Көл
Тема боюнча
Оштогу самсы жасоонун сырлары

Атаандашы 7-раунддан кийин чыкпай койду. Боксчу Акжолдун жеңиши видеодо

(жаңыланган 17:16 18.04.2021)
Эки спортчу тең мурда жеңилүү ызасын тарткандан кийин рингге чыгышкан. Кыргызстандык боксчуга жеңиш оңойчулук менен келген жок. Каршылашы менен жети раунд беттешип багындырды.

Кыргызстандык боксчу Акжол Сулайманбек уулу Екатеринбург шаарында өткөн RCC Boxing Promotions турниринде россиялык атаандашы Никита Кузнецовду утуп алды.

Аталган уюмдан Сулайманбек уулу дал ушул жеңиши үчүн бокска кайтканын белгилешти. Ал өткөн жылы март айында нокаут менен утулуп калган эле.

Кыргызстандык спортчу ар бир раунд сайын күч алып, таамай сокку уруп жатты. Жетинчи раунддан кийин Кузнецов беттешти улантуудан баш тартты.

Муну менен Сулайманбек уулунун куржунунда 16 жеңиш, бир жеңилүү бар. 2018-жылы ал Дүйнөлүк бокс ассоциациясынын версиясы боюнча Азия чемпиону болгон. Бул титулду төрт жыл катары менен сактап келет.

Белгилер:
жеңиш, беттешүү, бокс, Акжол Сулайманбек уулу
Тема боюнча
Эркин күрөштөн биринчи болуп Эрназар Акматалиев Олимпиадага лицензия утту. Видео
UFC Валентина Шевченко катыша турган мелдештин трейлерин жарыялады. Видео

Аукционго коюлду. Гүлнара Каримованын укмуш кооз эс алуу жайынын видеосу

(жаңыланган 15:34 18.04.2021)
Өзбекстандын мамлекеттик активдерди башкаруу боюнча агенттиги "Сиджак" эс алуу үйүн сатыкка койду. Аталган дача буга чейин өлкөнүн мурдагы президентинин улуу кызы Гүлнара Каримовадан конфискацияланып алынган.

Тоодо жайгашкан кычыраган дачаны көрүүгө журналисттер чакыртылган. Эс алуу жайынын видеосу жергиликтүү Kun.uz. басылмасына жарыяланды.

Курорттук зона деңиз деңгээлинен 959 метр бийиктикте Ташкент облусунун Бостанлык районунда жайгашкан. Комплекстин жалпы аянты 5,38 гектарды түзөт. Анын ичинде мейманкананын имараты, бир нече бассейн, амфитеатр, коттедж жана башка курулуштар бар.

Эс алуу жайы Каримованын мамлекетке жасаган кылмыш иштери үчүн 2017-жылы компенсация иретинде өткөрүлгөн. Кийинчерээк бул жай Триатлон федерациясына убактылуу пайдаланууга берилген.

Өзбекстандын мамлекеттик активдерди башкаруу агенттиги аукционго катышуу боюнча арыздарды 2021-жылдын 30-апрелине чейин алары айтылды.

Мындан сырткары, аукционго буга чейин Гүлнара Каримова ээлик кылган "Пойтахт" бизнес-борбору, "Ичан кала" мейманканасы жана "Бельдерсай" эс алуу жайы да коюлган.

Каримова 2015-жылы "Опузалоо" жана "Салык төлөөдөн баш тартуу" беренелери менен камалып, 2017-жылы 10 жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк ага карата дагы башка кылмыш иштери козголуп, сот анын абак мөөнөтүн 13 жыл төрт айга көбөйткөн.

Соңку ирет тагылган айыпта Каримованын мамлекетке 165 миллион доллар чыгым келтиргени айтылган.

Белгилер:
аукцион, эс алуу, дача, Гүлнара Каримова
Тема боюнча
Гүлнара Каримова абактагы азап тууралуу ыр жазып, аны кызы интернетке жарыялады
Афганистандагы АКШ аскерлери. Архив

Афганистандан америкалык аскерлердин чыгарылышын талибдер тескөөдө

(жаңыланган 23:11 18.04.2021)
“Талибан”* террордук уюму Кошмо Штаттарга Афганистандан аскердик күчтөрдү чыгарып кетүүгө катуу талап коюп, Вашингтонду көп полярдуу дүйнөнүн реалдуулугуна кайтарууда.

АКШ Ак үйү узаган аптада Афганистандан америкалык аскерлердин 11-сентябрда чыгарыларын маалымдаган эле. Бирок талибдер АКШнын аскердик күчтөрүн 1-майга чейин чыгарып кетүүнү (2020-жылдын 29-февралындагы Дохада кол коюлган макулдашуунун шарттарына ылайык) кескин талап кылды. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко ушул жагдай туурасында ой калчаган.

АКШ администрациясы дароо жооп кайтарып, аскерлер Афганистандан 1-майдан тарта чыгарыларын жар салды. Ага удаа эле НАТОдогу союздаштары ошол күнү “Чечкиндүү колдоо” миссиясынын күчтөрүн да чыгарып кетүү жөнүндө чечим кабыл алышты.

Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден аталган республикада америкалык аскерлердин болушу туруктуу өкмөт түзүүгө көмөк болбойт десе, АКШнын коргоо министри Ллойд Остин аскердик күчтөр Афганистандагы вазийпасын аткарып, ошондой эле “экономика, жарандык коомчулук жана саясат жаатындагы өсүшкө өбөлгө болгудай” иш алпарды.

Пентагон жана анын союздаштары Ислам республикасында жүз миллиарддаган долларды сарптап, миңдеген жоокеринен айрылып, кадыры кетип акыры байкуш мамлекетти кечээги эле касташкан тарапка – талибдерге калтыруунун эмне зарылдыгы бар эле? Тилекке каршы, жоопсуз собол.

Аткарылышы кыйын

Борбордук чалгындоо башкармалыгынын директору Уильям Бернс 14-апрелде күчтөрдүн чыгарылышы олуттуу тобокелчилик экенин, америкалык аскердик күчтөрдүн катышуусу жыйыштырылса бир топ өлкөлөрдө ишмердигине тыюу салынган "Ислам мамлекети" жана "Аль-Каида" түзүмдөрүнүн таасири Афганистанда калыптанышы ыктымал деп божомолдоду.

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Жон Болтон ушул тапта күчтөрдү чыгарып кетүү өлкөдөгү бийликти "Талибанга" карматуу менен барабар экенин белгиледи. Ал ортодо талибдер согуштук аракеттерди кайра тутантуу, башкача айтканда, эгер АКШ жана НАТО макулдашылган мөөнөткө, тагыраак, 1-майга дейре күчтөрүн чыгарып кетпесе чет элдик аскерлерге "жихад" уюштуруу ниетинде. "Талибандын"* позициясын Забиулла Моджахед да мурдараак мындай тейде аларга жеткирген: "Байден майга чейин аскерлерди алып кетүү татаал экенин айтты, анткен менен биз Дохадагы келишим аткарылышы кажет деп эсептейбиз. Себеби аны жүзөгө ашыруу – Афганистан менен Кошмо Штаттардын ортосундагы учурдагы көйгөйдү чечүүнүн жападан жалгыз ыкмасы".

Логистика жагынан 3-5 миң аскерди транспорттук учактар менен ташууга он төрт күн толук жетишерлик. Афганистан Ислам Республикасынын улуттук жарашуу боюнча Жогорку кеңеши жыйырмадан ашуун сунушту, анын ичинде президент Ашраф Ганинин тынчтык планын да бирдиктүү программага бириктире алды. Ошентсе да "Талибан"* 14-апрелде Афганистандын келечеги тууралуу сүйлөшүүлөргө катышуудан баш тартты (анын кезектеги баскычы Түркиянын аймагына белгиленген). Талибдердин куралдуу түзүмдөрү өкмөттүк күчтөрдү жеңүү үчүн АКШнын аскерлери жана аскердик техникасынын толук чыгарылышын күтүүдө. Кабул көбүнесе америкалык аскердик-аба күчтөрүнүн террорчуларга сокку урушу менен гана кармалып турат. Афганистан жакынкы келечекте "Ислам эмирлигине" айланып калышы ыктымал.

Америкалык чалгындоочу коомчулук “төмөн же орто деңгээлдеги ишеним менен” россиялык кесиптештери 2019-жылы жана андан мурун да АКШ жана Афганистандагы коалициянын аскерлерине каршы "Талибандын"* чабуулдарын каржы менен дем беришкенин боолголойт. Мындай маалымат булактары сынга да туруштук бере албайт, аларды текшерүүгө да мүмкүн эмес. РФ андай айыптоолорду четке кагат.

Макулдашуу тынчтыкты камсыздай албады

Пентагондун жетекчиси Ллойд Остиндин пикиринде, Афганистандан бир нече миң америкалык жоокердин чыгарылышы аракеттерди башка жакка жумшап, “болочок душмандарды” (“дүйнөлүк тартипти өзгөртүүгө” умтулган Кытай жана Россияны) ооздуктоого же жеңүүгө мүмкүндүк берет. Апийим талааларынын негизиндеги салыштырмалуу аз сандагы террордук топторду жөнгө сала албаган Пентагон кастарын өзөктүк державалардын арасынан издөөдө. Анан калса мындай күмөнсүнүүгө алардын кай бир аракеттери “АКШнын улуттук кызыкчылыктарына каршы келгендиги” гана себеп имиш.

Күчтөр чыгарылып кеткен соң Афганистан жана ага чектешкен Борбор Азия өлкөлөрү ашынган аскердик-диний кыймыл жараткан көйгөйлөрдү таптакыр өз алдынча чечүүгө мажбур болот.

Өлкөдө талибдердин бийлигинин тушунда (2001-жылга дейре) аялдар билим ала алышкан эмес, үй-бүлөдө ала жипти аттагандар калаанын аянттарында дарга асылган, уурулардын колдору кесилип, ал эми телевидениеге театр жана музыка менен катар тыюу салынган.

Фактыны жашырып кое албайсың. 12-апрелде Афганистандын Улуттук коопсуздук башкармалыгы Дохадагы АКШ менен "Талибандын"* макулдашуусу туруктуулукка алып келбегенин айтып чыкты. 2020-жылдын 29-февралынан тарта өлкөдө талибдердин чабуулдарынын саны 24 пайызга өскөнү кабарланды.

"Талибандын"* Катардагы кеңсесинин башчысы Абдул Гани Барадар молдо да 12-апрелде Өзбекстандын президенти Шавкат МирзиёевгеАфганистанда биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу демилгеси үчүн ыраазычылык билдирди. Анткен менен бул “жерде” тынчтыкта кызматташууну кепилдебейт. Аскердик-диний кыймыл курамы, көз карашы жана максаттары бирдей эмес. "Талибан"* өз тактикасын өзгөртпөйт, өлкөдөгү зомбулуктун деңгээлин азайтпайт, "Аль-Каида" менен союздук же өнөктөштүк алакаларын үзбөйт.

* “Талибан” - бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюм

Белгилер:
Талибан, Афганистан, АКШ
Тема боюнча
20 жылда 193 млрд. доллар чыгым болгон. АКШ Афганистанда эмнеге жетишти?
Россия АКШнын абийирин төкпөй согуштан сактап калууга даяр. Себеби