Эс-учун жоготуп каза болгон жети жашар Тахмина. Солкулдап ыйлаган таеже

Жазылуу
Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айылында таежесинин колунан 8-декабрда каза тапты деген тестиер кыз мектепке бара жатып жолдо эс-учун жоготкон.

Аны жогорку класстын окуучулары такси менен үйүнө жеткиришкен. Ички иштер органдары бир күн мурун таежесинин таягынан каза болду жана анысын таежеси мойнуна алды деп билдирди. 

"Экспертизанын жүрүшүндө денесинин көп бөлүктөрүндө — буттарынан, башынан жараат алгандыгы аныкталган. Кыздын таежеси бул кылмышты мойнуна алып, шектүү катары кармалды", — деп билдирди Базар-Коргон РИИБдин тергөөчүсү Нурбек Жоробеков.

Таежеси делген 46 жаштагы аял күйөөсү менен эшиктен чатакташып келип, ачуусу менен Тахмина Кенжебаевага кол көтөргөндүгүн айтты. 

"Отуруштан келдик эле, күйөөм ичип алган. Жолдон ага жиним келип, сабактан жетишпейсиң деп ачуум менен кызды уруп койгом", — деди өлгөн кызга кол көтөрдү деп камакка алынган аял.

Ал эми №8 Карача орто мектебинин окуучусу Эрнис Зайирбек уулу бир нече балдар менен Кенжебаеванын жолдо жаткан жеринен көрүп, үйүнө таксиге салып жибергендигин айтты.

Базар-Коргон райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн дарыгери Абдужалил Умаров ооруканага алып келишкенде кыздын жансыз экендигин айтып берди.

"Тахмина Кенжебаеваны ооруканага "Тез жардам" менен алып келгенде текшерсек, жүрөгү сокпой калыптыр. Денесинин көгала экендигин көрүп, дароо эле райондук ички иштер бөлүмүнө кабар бердик", — деди Умаров.

Аталган мектептин мугалими Айнаш Султанкулова окуучусу Тахмина сабагынан начар болуп, кийин гана окууга жетише баштагандыгын айтып берди. 

"Окуусуна эми гана жетише баштаган. Апамды сагындым деп айтып калчу", — деди Султанкулова.

Тергөөчүнүн айтымында, кыздын апасы бир тууганына доосу жок экенин айтып, тосмо арыз жазып бергенин белгиледи. Учурда тергөө иштери улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0