Гиря боюнча спорт чебери Екатерина: кээ бир жигиттер менден коркушат

Жазылуу
Гиря көтөрүү боюнча Кыргызстандын чемпионатында 23 жаштагы Екатерина Старикова гиря боюнча эл аралык деңгээлдеги спорт чебери наамын алды. Кыргызстандын тарыхында кыздар арасында мындай жогорку көрсөткүч жараткан учур биринчи жолу болду.

Көзүн танган спортчулар гиряны асмандата ыргытышты
Кыргызстанда гиря боюнча эл аралык деңгээлдеги спорт чебери наамына татыган жападан жалгыз кыз Екатерина Стариковага бул наам жекшемби күнү ыйгарылды

Старикова он жашынан тарта эле спорт менен машыгат. Учурда 23 жашта. Башында жеңил атлетика менен алектенсе, үч жылдан бери гиря спортуна өтүптүр.

Башында спорттун бул түрүнө анчейин деле маани берген эмес. Болгону машыктыруучу суранганынан гана катышып жүргөн. Эми азыр ал дүйнө чемпионатында алтын медаль жеңип тагынууга ниет кылып жаткан чагы.

Белгилей кетсек, кыргызстандык спортчунун ноябрь айында Ирландияда өткөн дүйнө чемпионатында чоңдор арасында жок дегенде экинчи орунду ээлегенге мүмкүнчүлүгү болгон. Аталган мелдеште күмүш медалга татыган спортчу 117 жолу гиряны көтөргөн. Ал эми Старикова Бишкекте өткөн мелдеште 121 жолу көтөргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0