Толук айылында жашаган окуучу шприц менен иштеген экскаватор жасап алды

Жазылуу
Токтогул районунун Толук айылында жашаган жетинчи класстын окуучусу тулкусун жыгачтан жасап, кадимки эле медициналык шприцтин жардамы менен иштей турган экскаватор чогултуптур.

Баланын атасы Калыс Осмоновдун айтымында, уулу жаш техниктер боюнча телеберүү көрүп, мындан эки апта мурда жасап алыптыр.

"Кичинесинен эле техникага жакын болчу, аны-муну кураштырып жасаганды жакшы көрөт. Кытайлар Кемин — Датка электр линиясын куруп жатканда алардын экскаваторлорун көпкө кызыгып, карай берчү", — деп айтып берди Осмонов.

Ал Барчынбек жөнүндө дагы бир кызыктуу учурда айтып берди. Беш жашында саатын кичинекей тегерек темир батареясы менен ойноп жатып, кокусунан таноосуна киргизип алыптыр.

"Уулум аба жетпей, бир таноосу менен эптеп дем алып калды. Айылдык фельдшер жардам бере албай, шаарга тез жөнөш керек деп алакан жайды. Үйгө келип, Бишкекке камдана баштадык, кыш, эшикте кар. Бир учурда эле бир оюнчуктан кичинекей магнит таап чыгып, аны менен таноосундагы темирчени алып чыкты. Ыраазы болуп, сүйүнгөнөбүздү сурабаңыз ",— деп айтып берди атасы. 

Барчынбек чыныгы экскаватор курап чыгып, айылдагылардын бардыгына жардам берсем деп кыялданат экен.

Жаңылыктар түрмөгү
0