(2:56 / 17.60Mb / )

Балдарды Бишкектен уурдап кетүү оңойбу? социалдык эксперимент

780
(жаңыланган 17:07 17.12.2015)
Мындай социалдык эксперимент жасоого Sputnik агенттигинин кабарчысын жети жаштагы Даниелди уурдап кетип, өлтүрүп койгон окуя түрткү берди.

Бишкекте социалдык эксперимент жасадык. Анын максаты бейтааныш кишилер кичинекей балдарды оңой эле уурдап кете алганын көрсөтүү болду.

Сценарий боюнча колуна мыймый кармаган киши балдарга келип, анын машинасында башка мыймый менен күчүктөр бар экенин көрсөтүү үчүн ээрчитип кетүү болчу.

Аталган окуяга социалдык экспериментке катышкан балдардын ата-энелери көз салып турду. Керектүү болгон учурда алар балдарынын жолун тосуп, бейтааныш кишини ээрчибеш керектигин айтты. Балдары чоочун кишинин алдаганына көнбөй койгон учурда балдарын макташты.

Балдар психологу Валерия Козлованын айтымында, чоочун кишилерди ээрчибеш керектигин балдарга жомок аркылуу жеткирип, жезкемпир сыяктуу терс каармандар балдарды уурдап кетет деген мааниде түшүндүрүп берсе болорун айтат.

"Сиздин балаңыз жомокто айтылган жезкемпир кимге болсо да окшошуп аларын билиши керек. Мисалы, колуна мышык, же күчүк кармаган кишилердей болуп кубулуп аларын акылына түйүп алгыдай болушу кажет", — дейт эксперт.

10-декабрда Бишкек шаарында 7 жаштагы Даниель жоголгон. Мектепке бара жатканда жолдон аны Майрам аттуу аял алдап ээрчитип, баланын апасынан акча алуу үчүн уурдап кеткени айтылган. Бирок, 7 жашар бала ээн талаада суукка тоңуп каза болгон. Алдын ала маалымат боюнча ага уктатуучу дары берилген. Учурда аталган факты боюнча иликтөө жүрүүдө.

780
Белгилер:
адам уурдоо, мышык, эксперимент, Бишкек
Тема:
Sputnik жүргүзгөн социалдык эксперименттер (22)
Тема боюнча
"Таштандыны туура эмес ыргыт" эксперименти шаардыктардын кыжырын кайнатты
"Мас айдоочу" – Бишкектеги социалдык эксперимент
"Чоң апанын дары алууга акчасы жетпей жатат" — Бишкектеги социалдык эксперимент

Россияга рахмат: Тоолуу Карабахта мектеп, ооруканалар ачыла баштады

13
Степанакертте мектептер ачылып, андан сырткары, жергиликтүү төрөт үйү ишин баштады. Согуштан кийин ал жерде биринчи ымыркай жарыкка келди.

Тоолуу Карабахта тынч жашоо кадимкисиндей уланууда. Эл өз үйлөрүнө кайтып келип, дүкөндөр иштеп, коомдук транспорт каттап, жашоочулар коопсуздугу үчүн коркпой көчөгө сейилдеп чыга баштады.

Эл жашаган башка жерлерде да инфратүзүмдү калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Мунун баары россиялык тынчтык орнотуучулардын эмгеги. Алар жергиликтүү элдин жай жашоосуна кайтып келиши үчүн аракет кылышууда.

13
Белгилер:
оорукана, мектеп, тынчтык орнотуучу, тынчтык, Тоолуу Карабах, Россия
Тема:
Тоолуу Карабахтагы жаңжал
Тема боюнча
Тынчтыкка карай... Россия Тоолуу Карабахка кандай жардам берип жатат
Карабахтагы сириялык туркомандар: согушууга барышканбы же жайгашуугабы?
Кадам сайын жарылбасын! Карабахтагы миналарды зыянсыздандыруу аракеттери

Жол тазалоочу техника жетпейт. Бишкек Ош трассасынын кышка даярдыгы текшерилди

36
(жаңыланган 11:59 02.12.2020)
Комиссия "Сосновка" постунан "Арал" постуна чейинки ашууларды тейлеген мамлекеттик кызматтардын кышка даярдыгын карап чыккан.

Бишкек — Ош жолунун кышка даярдыгы текшерилди. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, өзгөчө кырдаалдар министринин тапшырмасы менен атайын комиссия түзүлгөн. Алар Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунан Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постуна чейинки ашууларды тейлеген мамлекеттик кызматтардын кышка даярдыгын карап чыгышкан.

"Текшерүүнүн негизинде бир топ көйгөйлүү маселелер бар экени аныкталган. Алсак, жол тазалоочу, кум чачуучу атайын техника жетишсиз болуп, жолго кум кол менен чачылып жаткан. Айрым жүк ташуучу унаалар кышка даярдыгы жок ашууларда калып калган. Комиссия тамак-аш берилүүчү жана жылына турган пунктулардын да даярдыгын көргөн. Жыйынтыгында "Арал" постундагы жылынуучу пункт кышка толук даяр эместиги аныкталган", — деп айтылат маалыматта.

ӨКМ айдоочуларга кайрылып, алыс жолго, тоолуу аймактарга чыгарда аба ырайына көңүл бурууну суранды. Ошондой эле зарылчылык жок болсо, шашылыш билдирүү берилгенде жолго чыкпай турууну сунуштаган.

36
Белгилер:
Бишкек – Ош жолу, комиссия, текшерүү, ашуу, жол, унаа, Бишкек, ӨКМ
Тема боюнча
Кыргызстандагы бардык жолчуларга күнү-түнү иштөө милдети жүктөлдү
Ат-Башыга логистикалык борбор проекти. Архив

Ат-Башыга логистикалык борбордун курулушу күтүлүүдө. Маселе кайра каралды

0
(жаңыланган 13:03 02.12.2020)
Чечим 2019-жылдын аягында чыгып, инвесторлор табылып, алар жердин ижара акысынын бир бөлүгүн төлөп коюшкан. Бирок жергиликтүү тургундардын каршылыгынан улам борбор салынбай калган.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун аймагына бажы-логистикалык комплексин куруу маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, 25-ноябрь күнү Экономика министрлигинин алдындагы Мамлекеттик-менчик өнөктөштүк борборунун кызматкерлери Бажы кызматынын өкүлдөрү менен Нарын облусуна иш сапары менен барып, облус башчысы, Ат-Башы районунун акими жана бир катар тийиштүү мекемелердин кызматкерлери менен жолугушкан.

"Анда Ат-Башы районуна бажы-логистикалык комплексин куруу долбоорун ишке ашыруу маселеси талкууланды. Ошондой эле жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселелери чечилди. Жолугушууда логистикалык борборду курууга ылайыктуу жерлер каралды", — деп айтылат маалыматта.

Министрлик бул долбоорду ишке ашырууда мамлекеттик өнөктөш катары Мамлекеттик бажы кызматы көрсөтүлүп жатканын белгиледи.

"2017-жылдын октябрь айынан 2018-жылдын мартына чейин аталган долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыккан. Анда инвестор менен келишим 25 жылга чейин түзүлөт деп жазылган. Ал эми инвестициянын көлөмү - 30 миллион доллар. Учурда Бажы кызматы менен Мамлекеттик-менчик өнөктөштүк борбору тендердин документтерин даярдады. Инвесторлорду тандоо үчүн сынак жарыяланып, тендердин жыйынтыгы менен жеңүүчү аныкталат", — деп айтылат билдирмеде.

Министрлик жакында долбоорду каржылай турчу компанияларга тендер жарыялана турганын кошумчалады.

Эске салсак, Ат-Башыга логистикалык борбор куруу чечими 2019-жылдын аягында чыккан. Бирок жергиликтүү тургундардын каршылыгынан улам салынбай турганы маалым болгон. Логистикалык борборду Нарынга кытай, кыргыз ишкерлери аралашкан "Ат-Башы" кыргыз-кытай эркин соода аймагы" ЖЧКсы курмак. Инвесторлор "Нарын" эркин экономикалык аймагынан 49 жылга ижарага жер алып, акчанын бир бөлүгүн берип коюшкан. Ал каражат инвесторлорго кайра кайтарылган-кайтарылбаганы боюнча өкмөт буга чейин үн ката элек болчу.

0
Белгилер:
тендер, инвестор, логистикалык борбор, Ат-Башы, Нарын
Тема боюнча
Жылына 8 тонна. Баткенде өрүктү кайра иштеткен логистикалык борбор курулууда
Ат-Башыга курулчу логистикалык борбор: инвестордун 45 миллион сому кайда?