Ызгаарга "чыйт" түкүрүп иштеген өтүкчү

Жазылуу
Өтүкчүлөр ызгаардуу суукка карабай сыртта отуруп иштеп жатышат. Суукта иштеген бир топ эле кыйын экенин Тойчубек Карабаев айтат. Себеби, чыдамдуулук жана жөндөм керек.

Беловодскидеги көрүстөндө күн кечирген жаш үй-бүлө
Бишкек шаарындагы Ош базардын айланасында өтүкчүлөр иштейт. Кардардын бут кийимин дароо эле ошол жерден жамап берет. Ал эми кардарлар өтүкчүнүн жанына көбүн эсе бут кийимин чечкен бойдон күтүп отурушат. Мындай учур баарыбыздын эле башыбыздан өтсө керек.

Тойчубек Карабаев жылдан ашык бул жерде иштейт. Суук жана жаан-чачындуу күндөрү кишилер көп келерин айтты. Себеби, бут кийимине суу кирип, жыртык экенин сезгенде гана жаматканы келишет. Андыктан ызгаардуу суукта да иштөөгө туура келет.

Ал көчөдө отуруп иштегенден тажаганын айтат, бирок, ылайыктуу жумуш болбогондуктан, бул жерде иштегенге аргасыз.

Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин жыл башына берген маалыматы боюнча өлкөдө 200 миңден ашык киши жумушсуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0