Дельфиндер кандай шартта алып келингенин айдоочу айтып берди

Жазылуу
Бейшемби күнү дельфиндер кыргыз-казак чек арасынан өттү. Учурда алар дельфинарийде. Уюштуруучулар азырынча эч кандай комментарий берүүдөн баш тартууда. Ошентсе да дельфиндерди алып келген айдоочу Sputnik агенттигинин бир нече суроосуна жооп берди.

Бишкекке алып келинген дельфиндерди түшүрүү – күбөнүн видеосу
Бишкекке дельфиндер алып келинди. Алар 29-декабрдан тарта дельфинарийде атайын программаларды көрсөтүшөт.

Көчмө дельфинарийде төрт дельфин жана бир кит бар. Мындай иш-чара Кыргызстанда биринчи жолу ачылып жатат.

Казакстандан дельфиндерди алып келген айдоочу учурда дельфиндердин абал эң мыкт экенин айтып, аларды биринчи жолу ташып жатпаганын кошумчалады.

"Аларга адамдарга кылгандай мамиле кылуу керек. Ошондо баары ойдогудай болот", — деди айдоочу.

Жаңылыктар түрмөгү
0