Атамбаев жеткинчектерди жетелеп, жаңы жылдык оюн-зоокко кирди

Жазылуу
Майрамдык оюн-зоокко Кыргызстандын чар тарабынан 8 жаштан 14 жашка чейинки 1100 бала чакырылган. Алардын арасында окуунун мыктылары, олимпиаданын, эл аралык сынак, мелдештердин жеңүүчүлөрү менен бирге ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген балдар бар.

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда балдар үчүн президенттик жаңы жыл оюн-зоогу өтүп, ага өлкө башчы катышты. Бул тууралуу мамлекет жетекчисинин маалымат кызматы билдирди.

Майрамдык кечени "Керемет көч" мультфильминин каармандары — Актан менен Акылай алып барды. Оюн-зооктон кийин Алмазбек Атамбаев балдарды куттуктап, жакшы окууга, жакшы инсан болууга чакырды.

"Силердин билимиңер — келечектеги үйүңөр. Бул үйдүн бекем болушун кааласаңар, мыкты билим алууга умтулушуңар керек. Ата-энеңерди урматтап, мээримдүү жана сабырдуу болгула. Дайыма жакшылыкка ишенип, кыялданып жашагыла", — деди президент.

Жаңы жылдык кеченин соңунда балдарга өлкө башчынын атынан белек-бечкек таратылды.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0