Өзбек чек арачыларынан ок жеген ага инилер – тийиштүү орган окуянын чоо жайын түшүндүрдү

Жазылуу
30-декабрда эртең менен Баткен району менен Өзбекстандын чек арасында өзбек чек арачылары Кыргызстандын эки жаранына ок чыгарышкан. Анын кесепетинен Суу-Башы айыл аймагынын тургундары ага-ини Майрамбек менен Талантбек Ашимовдор жарат алып Баткен шаарындагы ооруканага жеткирилген.

Дайынсыз жоголгон Бексултан Баардинов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дайынсыз жоголгон чек арачынын социалдык тармактагы баракчасынан билдирүү келүүдө
Дарыгерлердин айтымында аларга операция жасалып денелеринен октор алынган. Учурда жарат алгандардын абалы салыштырмалуу туруктуу. 

Ал эми Баткен облустук чек ара башкармалыгынан билдиргендей окуя чек арадан мыйзамсыз жук ташуунун кесепетинен келип чыккан, учурда жергиликту бийлик жана күч түзүмдөрү окуянын чоо-жайын аныктап териштирүү иштерин жүргүзүүдө. 

Жабыркаган балдардын атасы Абдинаби Исаков 1983-жылы жана 1994-жылы туулган балдары жабыркаганын айтат.

Исаковдун айтымында балдары буга чейин Өзбекстандын Сох анклавына көмүр ташып жан багып келишкен. Бул окуяда болсо, балдары Өзбекстандан жийде алып чыгып келе жатканда өзбек чек арачылары эскертүү бербестен түз жарандарга ок чыгарган. 

"Атылган ок айдоочу баламдын жамбашын тешип кеткен. Кичине балам жатканда айнектен кирген ок аркадагы ступенкага тийип кайра баламдын далысына туруп калган", — дейт ал.

Абдинаби Исаков кыргыз жарандары Өзбекстанга керектүү товар алып кирсе, өзбек чек арачылары аталган ишкерлерди чек арада кармабаганын, ал эми Өзбекстан Кыргызстанга товар алып чыкса ок чыгарууга чейин барышаарын айтат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0