Чучукту кантип жасоо керек – видеорецепт

Жазылуу
Жылкынын эти майлуу болгондуктан аны көп жеген да болбойт. Чучукту муздатып, закуска катары берсе болот, ошондой эле эт менен кошо ысуулай тартса да болот.

Кыргыздын улуттук чүйгүн тамагы чучукту кантип даярдап, бышыруу керектигин "Супара" этно-комплексинин башкы ашпозчусу Болот Тентиев кыргыздын улуттук чүйгүн тамагы чучуктун жасалышын айтып берди.

Анын айтымында, чучукту жасоого төмөнкү нерселер керек:

  • Ичеги (30 сантиметр) —1 даана;
  • казы — 300-400 грамм;
  • пияз —1 даана;
  • сарымсак — 2-3 даана;
  • лавр жалбырагы, туз, паприка, кара мурч — каалоо боюнча.

Учуп жаткан учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чучук чуусунун башкы каарманы таңкы жетиде Кыргызстандан учуп кетти
"Алгач казыны туздап, калемпир, сарымсак салып маринаттап алабыз. Жылкынын ичегисине салабыз. Анын оозун бекем байлап, 2-3 сааттай коюу керек", — дейт ал.

Андан соң аны 2-2,5 сааттай бышыруу керек. Бир тарабы чийки калбаш үчүн аны эки жагынан аңтаруу керектигин Тентиев кошумчалады.

Чучук дасторконго ысык жана муздатылып да тартылат. Аны муздатып тартуу сунушталат. Себеби аны кескенде формасы бузулбайт дейт ашпозчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0