Чучукка мурдун чүйрүгөн Майкл Макфит кыргызстандыктардан кечирим сурады

Жазылуу
Мекенине учуп кеткен шотландиялык Майкл Макфит улуттук чүйгүн тамак чучук тууралуу жазгандары үчүн кыргыз элинен кечирим сурады.

Майкл Макфит Кыргызстандан учуп кетер алдында кыргыз элинен кечирим сурап, видео кайрылуу жасады. 

Чучукту кантип жасоо керек – видеорецепт - Sputnik Кыргызстан
Чучукту кантип жасоо керек – видеорецепт
Узап кеткен жылдын 30-декабрында алтын кен ишканасынын кызматкери Майкл Макфит социалдык тармакка "Кумтөр" компаниясынын тамак-аш столунда отурган сүрөтүн жарыялап, аны коштогон кыргыздын улуттук тамак-ашынын бири — жылкынын чучугун аттын жыныстык мүчөсүнө салыштырган. Анын мындай кадамы социалдык тармактарда катуу кызыл чеке талкууга жем таштаган. "Кумтөр голд компани" ишканасынын кызматкерлери нааразычылык билдирип, ИИМге, Башкы прокуратурага жана УКМКга кат менен кайрылып, ал улуттун намысына шек келтиргенин айтышкан.

Макфит социалдык тармактагы билдирүүсүн дароо өчүрүп, кечирим сураган. 3-январда таңкы саат 3төр чамасында "Манас" эл аралык аэропортунан кармалган.

5-январда ал миграциялык мыйзамды бузганы үчүн Кыргызстандан чыгарылган. Анын Кыргызстанда жүрүү үчүн керектүү документтери жок болуп чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0