Сариев ипотекалык кредит алгач кимге берилээрин айтты

Жазылуу
Премьер-министр Темир Сариев "Биринчи радионун" эфиринде Мамлекеттик ипотекалык компания кредитти 15-январдан тарта бере баштаарын айтты.

Сариевдин айтымында, мамлекеттик ипотекалык компания мамлекеттик кызматта иштеген, турак-жай сатып алууга же өзү жашаган жерди айлык акысы жетпегендиктен кеңейте албаганынан улам, алардын социалдык муктаждыктарын жоюу максатында түзүлгөн.

Акча каражаттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик ипотекалык компания жыл аягына чейин 6 млрд. сом жумшайт
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын талаптары боюнча, эң арзаны 12 пайыз менен 15 жылга чейин улуттук валютада каражат берилет. Анда турак-жай алган жарандардын 70 чарчы метрге чейинки үйлөрдү алууга мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн мамлекеттик кызматта үч жылдан кем эмес туруктуу иштеген, баштапкы пайызын төлөөгө мүмкүнчүлүгү бар жарандар болушу керек.

Бул жолу билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагында иштегендерге басым жасалат. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын кийинки этабында жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатында иштегендер алышат.

Белгилесек, каражатты мамлекет башка булактардан доллар менен алып, долбоорго кирген жарандарга сом менен берет. Ортодогу тобокелчиликти мамлекет өз жоопкерчилигине алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0