Корук директору: браконьерлер балык эле эмес, өзүнүн, бүлөсүнүн убалын ойлобой жатат

Жазылуу
Ысык-Көлдүн балык запастарын коргоо боюнча экологиялык техникалык көзөмөл инспекциясы, мамлекеттик коруктун кызматкерлери кезектеги рейдин жүргүздү. Анда балыктарды мыйзамсыз уулагандар кармалып, айып пулдар салынды.

Ысык-Көл мамлекеттик коругунун директору Авазбек Арынов рейддин жыйынтыгы менен тиешелүү протоколдор толтурулуп, райондук сотко жиберилерин айтты. 

"Браконьерлер үч кайык, 20 балык, 12 тор менен кармалды. Тиешелүү протоколдор жазылды. Доосун, айып пулун эсептеп туруп ишти Тоң райондук сотуна кетиребиз. Ал жактан чыккан чечим менен өз жазаларын алат", — деди Арынов. 

Коруктун директорунун айтымында, браконьерлердин ууга чыгуусу балыктарга гана коопсуздук жаратпастан, өз өмүрлөрүн да тобокелге салып чыгат экен.

"Кармалган кайыктардын абалы абдан начар, эскилиги жетип, суу кирип турат. Ошого карабастан күнү-түнү менен көлгө уулоого чыгып жатышат. Үй-бүлөсүнүн, өздөрүнүн убалы кимге", — деди ал.

Рейддин жыйынтыгы менен көл ичинен 1 чакырым 250 метрлик торлор табылган.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0