Кадамжайда өскөн банан, зайтун жана пальма. Гүлдү сүйгөн Арап багбан

Жазылуу
Лимон, зайтун, банандын жана пальманын түрлөрү андан сырткары жасмин баштаган гүлдөрдүн 30га чукул түрү Кадамжай районундагы Сары-Алтын айылындагы Арап Нурмаматовдун күнөсканасында өсүп жатат.

Күнөскана ээси кесиби боюнча агроном, анын гүлдөргө болгон кызыгуусу 2008-жылы башталып, мындан үч жыл мурда Америкага барып, атайын окуудан өтүп келгенден кийин бекемдеген.

Агроном океандын ары жагынан алып келген субтропикалык өсүмдүктөрүнүн дээрлик бардыгы Баткендин Кадамжайынын климатына ылайыкташып, өсүп кеткен.

"Американын мен барган жерлеринде карапага өстүрүү системасы жакшы жолго коюлуптур. Ошол жакта жүрүп, өзүбүздү ушундай кылсак болот экен деген ой келип, ишти баштадым. Цитрус өсүмдүктөрүнө көбүрөөк көңүл буруп, аны бала-чакама, жакындарыма, дегеле элге тартуулайын деген ниетим бар", — деди Нурмаматов.

Район эмес, облус аймагында Нурмаматов тажрыйбалуу жана ийгиликтүү багбан катары таанылып, көп жерлерге кеп-кеңешин угуу үчүн чакырып турушат. Ал эми аграном мүмкүнчүлүгүнө жараша чет өлкөлөргө барып, тажрыйбасын арттырып турат.

Учурда Кадамжай районунун аймагында 60ка жакын ар кыл күнөсканалар ачылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0