ИИМ Академиясынын курсанты КМШнын илимий конкурсунда кантип жеңгендигин айтып берди

Жазылуу
Юлия Мавлянова Кант шаарынан болот. Мектепти эң жакшы деген баага аяктаган, учурда жалаң бешке окуусун улантууда. Келечекте Кыргызстандагы милиционерлерди тартиптүүлүктүн үлгүсү кылгысы келет.

Россиянын жаза аткаруу федералдык кызматынын Пермь шаарындагы институту тарабынан өткөрүлгөн илимий иштердин эл аралык конкурсунда биринчи орунга татыган КР ИИМ академиясынын курсанты Юлия Мавлянова эмнеге милиция кызматкери болууну каалаганын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине айтып берди.

Ал раматылык атасынын кыялын орундатканын билдирди.

"Милиция кызматкери болуу менин балалык кыялым болчу. Анан калса раматылык атам менин милиция болушумду каалаган", — дейт ал.

Келечектеги офицер көпчүлүк тааныштары аны формачан көргөндө таң калышарын жашырбайт. Эмне үчүн мындай кооптуу кесипти тандап алдың деген суроого ал табиятынан эле милиция болуш үчүн жаралгандаймын деп жооп берет. Келекчекте Кыргызстандагы милиция кызматкерлери башкаларга үлгү болуш үчүн колунан келгенин жасай турганын айтат.

"Бизнестеги менеджерлерге дем-күч берүүчү окуулар болгондой эле келечекте милиция кызматкерлери үчүн да ушундай окууларды уюштурсам дейм", — дейт ал.

2015-жылы Россиянын жаза аткаруу федералдык кызматынын Пермь шаарындагы институту тарабынан "Биздин жеңиш" аттуу илимий эмгектердин эл аралык конкурсу өткөн. Ага КР ИИМ академиясынын 3-курсунун курсанты Юлия Мавлянова да катышып, "В наследство — гордая память" номинациясы боюнча биринчи орунга татыган.

Жаңылыктар түрмөгү
0