Автоунаанын күчүнө туруштук берген Ринат. Түшкө ишенген балбан

Жазылуу
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жаңы-Арык айылынын тургуну Ринат Исмаилов жакынкы күндөрү жүк ташуучу эки автонунааны эки жака кетирбей жип менен карысына салып, жылдырбай кармап тура аларын көрсөттү.

Балбан бала буга көптөн бери даярданып жүргөндүгүн айтты.

"Мен мурдатан бери эле ушул ишти пландап, даярданып жүрдүм эле, Кудай буюруп бүгүн жасадым. Өзүмө канааттанып турам", — деди Исмаилов.

Ал мындай кара күчкө жөн жерден эгедер болгон жокмун дейт.

"2012-жылы Манас ата, Бакай баба, Кыдыр акелер түшүмө кирип, ошондон тарта ушундай күчкө эгедер боло баштадым", — деп кошумчалады жаш балбан.

Исмаилов буга чейин тиши менен мыктарды ийип, автоунааларды сүйрөп да жүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0