Тоонун көркүн ачкан ак илбирс. Ысык-Көлдө коюлган видео-капканга тартылган кадрлар

Жазылуу
NABU (жаратылышты жана биотүрдүүлүктү коргоо биримдиги) уюмунун адистери тарабынан коюлган видео-капканга тартылган тасмада ак илбирс айданага көз салып, тоо боорунда кандай жүргөнүн даана көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, Ак-Суу районунун ИИБ кызматкерлери 16-январда ак илбирсти атып, териси менен башын алып келе жаткан жаранды кармаган.

NABU уюмунун браконьерликке каршы Барс тобунун жетекчиси Курманбек Дүйшеев илбирстерди сактоонун натыйжалуу ыкмасы катары анын терисин үйүндө сактагандарды да кылмыш жоопкерчилигине тартуу экенин айтат.

"Бизде илбирстин терисин үйүндө сактап, аны дубалга илип, башкаларга белекке берип, же жумшак эмеректердин үстүнө салып койгондор кездешет. Маңзатты сактагандарды жоопко тарткан сыяктуу эле илбирстин терисин сактагандарды да жоопкерчиликке тартуу боюнча атайын берене иштеп чыгуу керек. Кыргызстандын аймагында 300гө жакын ак илбирс бар. Бул жаныбар эки жылда бир жолу гана тууйт. Андыктан алардын саны оңой менен көбөйбөйт", — деди Дүйшеев.

Ак илбирс. Архив - Sputnik Кыргызстан
Департамент: илбирстин атылышы кокустук эмес
Илбирс мышыктар түрүнө киргендиктен баласын коруп, же коргой албай калса өлтүрүп саларын ал кошумчалады.

Ак илбирсти аткандарга 500 миң сом айып салынып, же үч жылга чейин эркинен ажыратылат.

Дүйшеевдин айтымында, дүйнө жүзү боюнча беш миңге жакын гана ак илбирс бар. Алар 12 мамлекеттин аймагын жайлайт. Эң көбү Кытайда.

Кыргызстанда "Ак илбирс" атындагы киносыйлык бар. Андан сырткары Бишкек шаарынын гербинде да ак илбирстин элеси түшүрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0