Жол кайгуул кызматынын инспектору айдоочу колун кантип сындырганын айтып берди

Жазылуу
Бишкекте Жол кайгуул кызматынын инспектору Азиз Ибраимов документин көрсөтпөй, милициянын буйругуна баш ийбеген айдоочудан жабыркады.

Аталган окуя Киев – Бейшеналиева көчөлөрүндө жол кайгуул кызматынын инспектору иштеп жаткан учурда болгон.

Ибраимовдун айтымында, айдоочу "автоунаа токтотууга болбойт" деген белги орнотулган жерге машинасын токтоткон.

"Мыйзам бузгандыктан мен ага барып документиңизди көрсөтүңүз десем, сөгүнүп сагынып бербей койду. Үч жолу сурадым. Андан кийин ал машинасын ары жакка коем деп от алдырганда, рулду кармап документти берип андан кийин коюңуз дедим. Ага болбой машинан айдап, мени 100 метрдей жерге дейре сүйрөп барды", — деди ал.

Жаңжалдын жыйынтыгында Ибраимовдун колу сынган.

Айдоочуга карата азыр Кылмыш жаза кодексинин 234-беренеси "Ээн баштык" боюнча кылмыш иши козголду.

Бул акыркы жумада инспекторлорго жасалган акыркы акарат мамиле эмес. Буга чейин 22 жаштагы айдоочу дагы жол кайгуул кызматынын инспекторун коюп кеткен. Экспертизанын жыйынтыгында, бала наркотикалык зат чегип алганы аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0