(0:24 / 2.64Mb / )

Илбирстер ууга чыкты. Видео-капкандан алынган кадрлар

648
(жаңыланган 18:13 21.01.2016)
NABU филиалынын адистери тартуулаган жаңы видеодо ак илбирстин үй-бүлөсү туман каптап, жаан себелей баштаганда чыккан.

Камералар Нарын дарыясынын жогору жагындагы Каракол өрөөнүнүн Тань-Шань тоолоруна орнотулганын "Германиянын жаратылышты коргоо бирикмеси" уюмунун Кыргызстандагы филиалы билдирди.

"Үч илбирс — энеси менен эки күчүгү тоодон өтүп бара жатышат. Өтө кылдат басып баратканынан улам алардын ууга чыкканын божомолдоого болот. Кээде токтоп, эки жакты тыңшап калышат. Коюу тумандан улам 5-6 метр аралыктагы жерди гана көрүүгө мүмкүн болду", — дешти адистер.

Видео-капкандарды орнотуудан тышкары адистер Кыргызстандагы илбирстердин санын аныктоо үчүн Ысык-Көл облусунун Ананьево айылынын жанындагы Сасык-Булак капчыгайында жайгашкан "Барс" борборунда жаныбарларды реабилитациялоо менен алектенип келишет.

"Видеодо келбети келишкен жаныбарлар секирип ойноп жатышканы көрүнүп турат. Бирок, тилекке каршы, бул түрлөр жапайы жашоого ылайыкташкан эмес", — дейт борбордун адистери.

Ак илбирс бүгүнкү күндө дүйнөнүн бардык булуң-бурчунда сейрек же жок болуп кетүү коркунучунда турган жаныбар болуп саналат. Ага аңчылык кылууга тыюу салынган, анткени илбиср Эл аралык жана Кыргызстандык Кызыл китептерине киргизилип, мындан тышкары, ак илбирс жок болуп кетүү коркунучунда турган жапайы жаныбарлар жана өсүмдүктөрдүн түрүн сатууга каршы конвенциясынын колдоосуна алынган. Кыргызстанда "Барс" атайын тобунун жана табиятты сактоо бирикмесинин маалыматы боюнча ак илбирстин 300 түрү катталган.

648
Белгилер:
ак илбирс, капкан, видео, китеп, аң уулоо
Тема боюнча
Сариев сейрек кездешкен жаныбарларды аткандарды мыйзам чегинде жазалоону буюрду
Тоонун көркүн ачкан ак илбирс. Ысык-Көлдө коюлган видео-капканга тартылган кадрлар

Мени "алтын кыз" дешти. Шевченко менен Көл жээгинен эксклюзивдүү видеомаек

643
(жаңыланган 17:21 07.12.2021)
,
Валентина Шевченко элинин колдоосу кандай дем-күч берерин, Голливуд жылдызы Холли Беррини Ысык-Көлгө чакыруу ою бар экенин, спорттогу жана кино жаатындагы кадамдары, ошондой эле жашоодогу мотивация берчү ойлору менен бөлүштү.

Кыргызстандан чыккан UFC чемпиону Валентина Шевченко Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Көл жээгинде эксклюзивдүү интервью берди. Аны менен шеф-редактор Эркин Алымбеков маектешти.

Өлкөнүн сыймыктуу кызы мекенине 21-ноябрда келген. Валентина Бишкекте маалымат жыйын куруп, күйөрмандары менен жолугуп, президент Садыр Жапаров менен кезиккен.

Валентина Шевченко Кыргызстанда төрөлүп-өсүп, спорттук жолун баштаган. Акыркы 15 жылдан бери чет мамлекетте машыгып, беттештерге катышып келет. Муай-тай жана кикбокс боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону болгон. Беделдүү UFC уюмунун турнирлеринде 2015-жылдан бери беттеш өткөрүп, 2018-жылы чемпиондук курду багындырган. Спортчу октябрда америкалык Лорен Мерфини нокаут менен жеңип, кыргызстандык мушкер наамын алтынчы ирет удаасы менен коргоп калган. Шевченко 2019-жылы КРдин Даңк ордени менен сыйланган.

643
Белгилер:
Кыргызстан, Ысык-Көл, UFC, Валентина Шевченко, мушкер, беттешүү, маек
Тема:
Валентина Шевченконун Кыргызстанга келиши
Тема боюнча
Валентина Шевченко, жаңырган "кара жорго" жана көлдөгү машыгуу. Видео
Жапаров Шевченконун энесине шырдак, машыктыруучусуна жаа берген. Сүрөт
Шевченко Нуньес менен үчүнчү кармашы тууралуу: ал менден өзү качып жаткандай
Группалашынын кеңеши, белектер. Шевченконун күйөрмандары менен жолуккан видеосу

Афганистан, Борбор Азиядагы абал жана НАТО. ЖККУнун позициясы видеодо

61
(жаңыланган 12:48 07.12.2021)
ЖККУнун башкы катчысынын орун басары Валерий Семериков Sputnik агенттигине берген эксклюзив маегинде Армен Гаспаряндын суроолоруна жооп берди.

Семериков маегинде 2021-жылдын жыйынтыгын чыгарып, ЖККУнун алдыдагы пландары, ага мүчө болгон мамлекеттердин чек арасындагы кырдаалга, Афганистандагы улам өзгөрүп турган абалга токтолду.

Маектеги урунттуу учурлар:

  • Борбор Азия аймагында Афганистандагы абалдан улам машыгуулар болуп, алар негизинен Тажикстанда өттү. Семериков машыгуулар тажик-афган чек арасындагы кырдаалга өзүнүн оң таасирин тийгизди деп эсептейт. ЖККУ абал курчуп кетсе, чечкиндүү кадам таштаганга даяр жана мүмкүнчүлүгү бар экендигин көрсөттү;
  • 2022-жылы машыгууларды Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандын аймагында өткөрүү боюнча пландар бар. Алар аймактагы абалга жараша өзгөрүп кетиши да мүмкүн;
  • Афганистан аймактагы көйгөйлөрдөн болуп турат. Азырынча кандайдыр бир божомол жасоо кыйын, бирок террордук уюмдардагы согушкерлердин санын белгилеп, аныктоого болот. Кырдаал келген жаңы бийликтин ички саясатты кандай алып барарына, террорчулук менен күрөшүнө, баңгизаттардын таралышына байланыштуу;
  • Афганистанда учурда террордук 13-14 чакты уюм бар, алардын согушкерлеринин жалпы саны 23 миңге чукулдап барат. Анткен менен Афганистандан эки миллиондой адам чыгып кетти. Семериков террорчулар Тажикстан менен ЖККУнун башка өлкөлөрүнө качкын кейпин жамынып кирип кетиши да мүмкүн деп эсептейт. ЖККУнун башкы катчысынын орун басары миграциялык мындай кризистин кесепети кыйын болорун, бул кооптуу көрүнүш экендигин айтты;
  • Семериков НАТО ойлоп тапкан шылтоосун бетине бекем кармап, Чыгыш Европа менен Балтика боюндагы өлкөлөрдө — Беларусь менен Россиянын чек арасында аскердик топтору менен аскердик техникаларын арбын топтоп жаткандыгын айтты;
  • ЖККУга мүчө мамлекеттердин чек арасына жакын жерлерде машыгуулар байма-бай өтүп жатат. НАТОнун чагымчылдык машыгуулары жана дагы башка иш-чаралары эмнегедир эл аралык уюмдар тарабынан байкалбай калып жатат. Семериков муну менен катар эле Евробиримдик Беларусь менен Россиянын ички иштерине кийлигишип, санкцияларды колдонуу менен болуп көрбөгөндөй басым кылып жаткандыгын белгиледи;
  • Кавказда (Армения менен Азербайжан) абал туруктуу, бирок чыңалып турат;
  • ЖККУнун даярдыгы менен шайма-шай турушу уюмдун кайсы аймак болбосун өзгөргөн абалга тез арада чара көрүп, коюлган милдетти аткарууга мүмкүнчүлүк берет;
  • ЖККУ Өзбекстан менен Сербияга байкоочулук макам берүү боюнча иш алып барып жатат.
61
Белгилер:
Борбордук Азия, Афганистан, НАТО, ЖККУ, Валерий Семериков, машыгуу, маек
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Бешимов: ЖККУ реформага муктаж, аны чечүүдө Россиянын ролу чоң
АКШ долларлары. Архив

Улуттук банк бүгүн 71,3 млн. доллар сатып, дагы бир рекорд жаратты    

0
(жаңыланган 22:34 07.12.2021)
Мурунку рекорд эки жума мурун катталган. Анда башкы финансылык ведомство 70,3 миллион долларлык интервенция жасаган.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Улуттук банк бүгүн, 7-декабрда, валюта рыногуна 71,3 миллион доллар сатты. 

Бул 2010-жылдан бери жүргүзүлгөн эң ири интервенция (андан мурунку жылдарга карата маалымат ачык булактарда жок).

Буга чейинки рекорддук көрсөткүч 23-ноябрда катталып, 70,3 миллион доллар сатылган болчу.

Ушуну менен быйылкы жылдын эсебинен 14 жолу интервенция жасалды. Бул аралыкта сатылган доллардын суммасы 633 миллионго жетти. Улуттук банк 24-ноябрда накталай түрүндө дагы 38 миллион доллар саткан.

0
Белгилер:
Улуттук банк, интервенция, доллар, сатуу
Тема боюнча
Улуттук банк ноябрда сомдун курсун кармап туруш үчүн канча акча коротту
Президент салыктан бошоткон ишканаларга беш талап койду. Тизме