Тепки жеген жоокердин атасы окуянын чоо-жайын айтып берди

Жазылуу
Офицер Нурлан Аралбаев өзүнүн үй-бүлөсүндөгү келишпестиктен улам, ачуусун жоокерден чыгарып, аны урганын мойнуна алды. Бул туурасында Жоокерлердин энелеринин республикалык комитетинен билдиришти.

УКМКнын №64479 аскердик бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокер Мамарасул Абытбек уулу эсинен тангыча тепки жеген. Бул туурасында КРдеги Жоокерлердин энелеринин республикалык комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова билдирди. 

Мамарасул Абытбек уулунун жазган түшүнүк катында, 21-январда кечки саат 11лер чамасында аны капитан Нурлан Аралбаев коридорго чакырган.

"Мени ал дароо бетке койгулай баштады. Андан кийин туалетти, унитазды мажбурлап жуудурду. Жууп баштаганымда арт жагымдан келип аскердик өтүк менен бир нече жолу башка урган… эсимди жоготуптурмун", — деп жазып берген Абытбек уулу. 

Токмок жеген жоокердин атасы Абытбек Темиров Аралбаев менен жолуккандыгын жана офицер кечирим сурагандыгын айтып берди.

"Мен бирок, ага уулума кылгандары үчүн жооп берерин, колу менен кылганын мойну менен тартаарын айттым", — деди жабырланган жоокердин атасы.

Тепки жеген жоокер учурда Аскердик госпиталда бир нече жеринен алган жаракаты менен жатат. Башына жана ичи жагына кан уюп калгандыгын айтышууда. Дарыгерлер мээси чайкалып калгандыгын билдиришти.

Байгубатова бул чуулгандуу окуяны Аскердик прокуратура иликтеп баштагандыгын кабарлады.

Улуттук Гвардиянын аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуттук гвардиянын жоокеринин өлүмүн тергөө учурунда 10 аскер кызматкери иштен четтетилген
Андан сырткары офицер жаш жоокерге ачуусун үй-бүлөлүк маселелеринен улам чыгарып, ургандыгын айтып берди. 

Байгубатова бул УКМКнын аскердик бөлүгүндөгү биринчи окуя эмес экендигин айтат. Бирок, буга чейинки жоокерлер тепки жеген иштер сотко жеткен эмес. Эми КРдеги Жоокерлердин энелеринин республикалык комитетинин жетекчиси ишти аягына чыгарууга болгон аракеттерин жумшаарын айтты. 

Буга чейин УКМК жоокер токмоктолгон факты боюнча кызматтык иликтөө аягына чыккандыгын билдирген. Анын жыйынтыгында, бөлүктүн жетекчиси жана анын орун басары рота командири иштен четтетилгендигин ведомствонун маалымат кызматы билдирген эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0