Ала-Тоо аянтындагы радиация ТЭЦтин таштанды жайына караганда жогору — дозиметр чени

Жазылуу
Ала-Тоо аянтында радиациянын жогору болушун мамлекеттик экотехинспекция Манастын эстелиги турган түптөгү граниттин ири көлөмү менен түшүндүрдү.

Шаршемби күнү Мамлекеттик экотехинспекция Бишкектин ТЭЦиндеги радиактивдүү көрсөткүчтөрдү текшерүү боюнча рейдге чыккан. Натыйжада радиациялык фон тийиштүү чектен ашып кеткени белгилүү болду.

Sputnik жашылча-жемиштердеги нитраттардын көлөмүн текшерди
Sputnik Кыргызстан маалымат сайтынын кабарчысы Бишкектин ТЭЦинен чыккан күлкесек төгүлчү жай канчалык радиоактивдүү экенин аныктап, аны менен бирге шаардын бир нече жерин да текшерип көрүүнү чечти. 

Дозиметр көрсөткөн натыйжалар боюнча, текшерилген жерлерде эң жогорку радиация Ала-Тоо аянтында болуп чыкты. Ал жерде жабдыктын көрсөткүчү орто эсеп менен саатына 0.25 микрозиверти (МкЗв) түзгөн. Мамлекеттик экотехинспекциясынан билдиришкендей, Кыргызстан боюнча күндөлүк радиациялык фон саатына 0,30 микрозиверттен ашпоосу керек. 

  • Чынында, Гейгердин эсептегичи саатына 0.17 МкЗв көрөсөттү. 
  • Ош базарында саатына 0.14 МкЗв, Байтик Баатыр жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде 0.12 МкЗв көрсөттү. 

Сариев: эки жыл ичинде Миң-Куштун эли Чаекке көчүрүлөт
Бишкектин борбордук аянтында радиациянын жогору болушун мамлекеттик экотехинспекция ал жерде граниттин көп болушу менен түшүндүрдү. Бул таш табиятынан эле "радиацияга бай" экен. Бирок кантсе да, дозиметр чектен ашкан радиация деңгээлин көрсөткөн жок. 

Sputnik Кыргызстан ченөөлөр Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун лабораториясынан тыш, LKNDT кытай өндүрүмүнөн чыккан аспап менен жүргүзүлгөнүн эскертет. Жыйынтык расмий лабораториялык көрсөткүч болуп эсептелбейт.

  • Саатына МкЗв — гамма жана рентген нурларынын бөлүкчөлөрү камтылган радиациялык нурланууну өлчөө бирдиги. 
  • Саатына 1.00 МкЗв — Токиодон Нью-Йоркко Жер шарынын түндүк чокусу аркылуу уча турган учактын пилотуна тие турган нурлануунун көлөмү ушунча. 
  • Саатына 2.28 МкЗв — Россиянын РОСАТОМ атомдук өнөр жайында иштегендер үчүн жол берилет деп эсептелүүчү нурлануунун көлөмү. 
  • Саатына 11.42 МкЗв — адамда рак оорусуна алып келе турган коркунучтуу шишик пайда болуу кооптулугу жогорулайт. 
  • Саатына 40.00 МкЗв — дал ушундай радиациялык деңгээл 1986-жылы ЧАЭСке чектеш аймактардын тургундарын көчүрүүгө аргасыз кылган. 
  • Саатына 114.15 МкЗв бир жолку өлчөмү — нурлануу оорусун жаратып, жүрөктү айлантат жана канда ак түстүү заттын төмөндөшүнө алып келет, бирок өлүмгө жеткирбейт. 
  • Саатына 570.77 МкЗв бир жолку өлчөмү — мынчалык нурланууга дуушар болгон адамдардын 50 пайызга жакыны 30 күн ичинде көз жумат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0