(1:19 / 8.10Mb / )

Өзгөчө статустагы "KG" номерлери кескиленип жок кылынды

304
(жаңыланган 14:12 03.02.2016)
Мамлекеттик каттоо кызматы өзгөчө статустагы "KG" номерлерин кесип жок кылды. Бүгүн жалпысынан 124 номер жок кылынды.

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев жолго чыккандан кийин ар бир жарандын айдоочу деген гана статусу болушу керектигин айтып, эч кимге номерине жараша артыкчылык берилбеши керектигин кошумчалады.

"Өкмөттүн мүчөсү болобу, же катардагы жаран болобу алардын баары бирдей, мыйзам бардыгына бирдей иштеш керек", — деди ал.

Премьер-министр Темир Сариев. Архив
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Сарпашев бүгүн жок кылынып жаткан "KG" сериясындагы номерлердин ичинде депутаттардын, Жогорку Кеңештин төрагасынын, премьер-министрдин жана өкмөт мүчөлөрүнүн номерлери бар экенин айтты.

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси өлкө президентине берилчү "KG 01" мамлекеттик номерин калтыруу боюнча өкмөттүн атайын чечими бар экенин кошумчалады.

Жалпысынан "KG" сериясындагы 143 номер бар, 18-февралдан кийин калгандары жок кылынарын Сарпашев баса белгиледи.

Машиналардын жаңы номери кандай болоорун Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>> 

304
Белгилер:
мамлекеттик номер, номер, авто, Тайырбек Сарпашев
Тема боюнча
Жаңы автоунаа номерлеринде "KG" сериясы жок болот
Жасалма номер тагып автоунаа айдагандарга жаза айып пул менен чектелет

Бөрү карыса да бир койлук алы бар! Тайсон менен Жонстун беттешинин толук видеосу

86
Бүгүн бокс дүйнөсүндө чоң майрам болду. Спорттун дөө-шаалары Майк Тайсон менен Рой Жонс рингде көптөн күттүргөн кармашты тартуулады.

Атактуу спортчулардын беттешинин толук видеосу YouTube-каналга жарыяланды.

Кармашуу АКШнын Калифорния шаарында өттү. Ал сегиз раундга ылайыкташып, ар бир бөлүк эки мүнөткө белгиленген.

Беттеш мөөнөтүнөн мурда аяктабай, спортчулар аягына чейин кармашышты. Натыйжада калыстар алар тең чыкты деген тыянакка келишкен.

Кармаш күйөрмандар болжолдогондой эле болду. Тайсон дистанцияны жакындатып, Жонско ыңгайсыздык жаратканга аракет кылды. Атаандашы өз кезегинде күүлүү-күчтүү экенин тастыктап турду. Нокаут болгон жок.

Эки боксчу тең жыйынтыкка макул болбой, жеңгенин бир ооздон айтып, рингдеги артыкчылыктарын санашты.

Тайсон да, Жонс да рингге карьерасын жыйынтыктагандан кийин кайтып жатканын белгилей кетели. Майк Тайсон 2005-жылдан бери, ал эми Рой Жонс 2018-жылдан бери беттешке чыга элек болчу.

86
Белгилер:
видео, беттешүү, бокс, Рой Жонс, Майк Тайсон, АКШ
Тема боюнча
Майк Тайсон менен Рой Жонстун кыл чайнашы. Тексттик трансляция
Тайсон Жонсту тез утпаса иш чатак болот. КР боксчуларынын беттешке божомолу

Уулуу курт чагып ала жаздаган бөбөктү энеси сактап калды. Видео

1218
(жаңыланган 11:13 29.11.2020)
Жаш баланы аз жерден кырк аяктуу курт чагып ала жаздаган. Ал уулуу болуп саналат. Окуя видеобайкоого тартылып калган.

Таиландда эне бир жашар баласын көп аяктуу курттун өлүмгө алып келчү уусунан сактап калганын The Daily Mail жазды.

Кадрдан көрүнгөндөй, бала жерде ойноп отурат, жанында апасы телефон тиктеп жаткан. Ошол учурда ары жактан чоң көп буттуу курт бөбөк тарапка сойлоп келип калган. Аял муну байкап, дароо баласын колуна ала койду. Андан соң чоң энеси куртту банка менен бастырып өлтүргөн.

Үй-бүлө мүчөлөрү мындай чоң куртту биринчи жолу көрүшкөнүн айтышкан. Басылманын билдиришинче, бул вьетнамдык кырк аяктуу курттун уусу балдардын жүрөгүнүн согушун тездетип, чаккан жерин шишитип, дем алууну кыйындатып, жадагалса өлүмгө дагы алып келиши мүмкүн.

1218
Белгилер:
куткаруу, эне, бала, уу, курт
Тема боюнча
Кытайда кароолчу 3-кабаттан кулаган баланы тосуп калды. Видео
Кыш мезгили. Архив

Дагы кар жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы

0
Бул жумада көпчүлүк аймактарда кар жаап, бирок мурунку аптадагыдай катуу суук болбой турганы айтылды.

БИШКЕК, 29-ноя. – Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолун жарыялады.

Ага ылайык, борбор калаада дүйшөмбүдөн бейшембиге чейин күн ачык болот. Ал эми жума күнү мезгил-мезгили менен кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй, Талас облустары

30-ноябрда жана 1-декабрда жаан-чачын жаабайт. 2-3-декабрда Талас облусунун кээ бир райондорунда жана Чүйдүн тоолорунда кар жаайт. Ал эми дыйканчылык аймактарында күн ачык болот. 4-декабрда көпчүлүк жерлерде мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

30-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. 1-2-декабрда Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жааса, Баткен облусунда күн ачык болот. Ошондой эле Ош облусунун дыйканчылык аймактарында дагы жаан жаабайт.

3-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы мүмкүн. Эртең менен жана күндүз Жалал-Абад облусунун айрым аймактарында, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу жерлеринде кар жаайт. Бирок Ош, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө күн ачык болот.

4-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы ыктымал.

Ысык-Көл облусу

30-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаап, күндүзү күн ачык болот. 1-2-декабрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, 2-декабрда күндүз кээ бир райондордо кар жаайт. 3-4-декабрда кээ бир райондордо кар жаашы болжолдонууда.

Ал эми 30-ноябрда түнкүсүн Каракол шаарында кар жаайт, Чолпон-Атада күн ачык болот. 30-ноябрда күндүз жана 1-4-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Нарын облусу

30-ноябрда жана 1-декабрда жаан жаабайт, ал эми 2-3-декабрда күндүз кээ бир райондордо кар жаайт. 4-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

5-6-декабрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын жакындатылган божомолу

5-декабрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Күндүз кээ бир райондордо кар жаашы мүмкүн.

6-декабрда тоолуу жерлерге кар түшүп, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

0
Белгилер:
аймак, тоо, күн, жаан, кар, аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Кышында унаадагы күйүүчү майды үнөмдөөнүн жолу айтылды
Декабрга карата аба ырайы. Тоолуу жерлерде суук 34 градуска жетет