Бишкектеги борбордук мечиттин асмандан көрүнүшү. Көк тиреген мунаралар

Жазылуу
Бишкектеги борбордук мечиттин бийиктиги 40 метр, ал эми анын төрт мунарасынын бийиктиги 67 метр. Мечиттин узундугу 100 метр болсо, туураса 57 метр экенин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын курулуш иштери боюнча адиси Таалайбек Назылбеков билдирди.

"Шах-Фазиль" тарыхый - архитектуралык комплексин реставрациялоо соңуна чыгып калды
Анын айтымында, жаңы мечитке 10 миң киши батат. Анын долбоорлоо иштери 2009-жылы президенттин буйругу менен 3,2 гектар жер бөлүнгөндөн кийин башталган. Ал эми курулуш иштери 2012-жылы башталган. 2017-жылы аны бүтүрүү пландалган. Аны Түркиядан келген адистер куруп, каражатын Түркиянын үч муфтияты бөлгөн.

Назылбеков жер тар болгондуктан машина токтотуучу жер маселе жаратып жаткандыктан, жер алдындагы заманбап паркинг куруу пландалууда дейт ал.

Жаңы мечит Жибек Жолу проспектисинде "Ысык-Көл" кинотеатрынын аймагында жайгашкан. 

Гоголь көчөсүндө жайгашкан азыркы борбордук мечиттин ордуна да жаңы мечит куруу пландалууда. Анын эки мунарасы болот жана бийиктиги 40 метрге жетип, ичине 7 миң киши батат. Ошондой эле, машина токтотуучу жай курулат. Курулуш иштерин Сауд Аравиясындагы компания жүргүзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0