(1:24 / 8.61Mb / )

"Боордошторго жардам берели" Памирлик кыргыздар үчүн кайрымдуулук акция өттү

239
(жаңыланган 12:28 05.02.2016)
Жардам жылуу кийим-кече, тиричилик буюмдары жана акчалай түрүндө кабыл алынды. Демилгечилердин айтымында, чогулган жардамдын баары Мамлекеттик миграция кызматына өткөрүлүп, Памир кыргыздарынын муктаждыгына жумшалмакчы.

Кечээ Бишкек шаарынын ири соода түйүндөрүнүн биринде Афганистандагы Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга жардам берүү максатында "Боордошторго жардам берели" аттуу кайрымдуулук иш-чарасы өттү. Ага демилгечи болгон "Элден элге" коомдук фондусу Миграция кызматы менен биргеликте каражат чогултуп, аны атайы түзүлгөн комиссия бөлүштүрүүсү каралган.

Уюштуруучулардын бири Замир Айылчиевдин айтымында, чогулган жардам экспедициянын алкагында Памир кыргыздарына берилмекчи.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 10-февралынан 10-мартына чейинки убакыт аралыгында Афганистандагы Памир кыргыздарына жардам көрсөтүү үчүн мамлекеттик экспедиция уюштурулууда.

239
Белгилер:
экспедиция, кайрымдуулук, акция, жардам, Кичи Памир, Улуу Памир
Тема:
Памирлик кыргыздар (82)
Тема боюнча
Памирлик кыргыздар үчүн жардам чогултулууда
Памирлик боордошторго чет жакта жашаган кыргыздар да кол сунууда

Брюс Лини туураган Нурмухаммед өзгөчө өнөрү менен рекорд койду. Видео

24
(жаңыланган 18:20 01.03.2021)
Брюс Линин ыкмаларын дал өзүндөй жасаган кыргызстандык жеткинчек Нурмухаммед Ташмаматов Россиянын Биринчи каналы уюштурган "Я почти знаменит" долбооруна катышты. Ал нунчакты колдонуп, өнөрүн тартуулады.

Кыргызстандык бала бир мүнөттүн ичинде теннис столунун үстүндө нунчак менен 49 ирет топту тосуп кайра урган. Рекорддун видеосу Interrecord эл аралык агенттигинин YouTube-каналына жарыяланды.

Interrecord — рекорддорду каттоого алган эл аралык агенттик. Алар 10 жаштагы кыргыз баланын рекордун расмий түрдө каттоого алган. Бул боюнча сертификатты Ташмаматовго агенттиктин директору Влад Капыло тапшырган.

"Я почти знаменит" долбоору Биринчи каналда (Россия) жыл жаңырганда башталган. Анда катышуучулар телекөрүүчүлөргө элде жок өнөрлөрүн көрсөтөт. Ар бирине мүмкүнчүлүк берилип, аларды үч адамдан турган калыстар тобу баалайт.

Ар бир тандоо турунда 11 катышуучу финалга чыгуу үчүн таймашат. Программанын баш байгеси — үч миллион рубль.

Белгилей кетсек, Брюс Лини туурап, анын ыкмаларын жасаган кыргызстандык бала буга чейин Биринчи каналдын "Лучше всех" долбооруна да катышкан.

24
Белгилер:
Нурмухаммед Ташмаматов, видео, өнөр, теннис, рекорд, жеткинчек, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстандык кыз "Лучше всех" шоусунда спорттун өзгөчө түрүн көрсөттү. Видео

Казакстандык жана украиналык футболчулар мушташа кетип, оюн токтоду. Видео

157
(жаңыланган 16:09 01.03.2021)
Казакстандык "Окжетпес" жана украиналык "Верес" футбол клубдарынын беттеши массалык мушташтан улам токтотулду.

Жолдоштук беттеш Түркиянын Белек аймагындагы машыгуу базасында өткөн.

Оюн достук маанайда башталып, казакстандыктар эсепти ачкан. Биринчи бөлүктүн 29-мүнөтүндө украиналыктардын коргоочусу Дмитрий Немчанинов орой ойноп, казакстандык оюнчу ага каршы атырылган. Чырды токтотуунун ордуна алмашууда турган оюнчулар, машыктыруучулар штабы оюн талаасына чуркап чыгып, мушташа кетишкен.

Калыстар оюнду токтотууга аргасыз болушкан. Эсеп 1:1 болчу.

Кийинчерээк "Окжетпес" клубу бул ички чемпионатка карата даярдык иретинде өткөрүлгөн беттеш экенин билдирген.

"Матч бейрасмий экенине карабай орой жана кооптуу өттү. Мындай оюндан кийин жаракат алган оюнчу футболго жараксыз болуп калышы да толук мүмкүн. Беттеш токтотулуп, командалар тарап кетти", — деген казакстандык команда.

Өз кезегинде "Верестин" башкы машыктыруучусу Юрий Вирт мындай чырдын чыкканына казакстандыктардын ашкере орой ойногону себеп болгонун айтты.

157
Белгилер:
мушташ, беттешүү, Түркия, Украина, Казакстан, футбол
Тема боюнча
Бразилия чемпионатынын финалында футболчулар массалык мушташ чыгарышты. Видео