Бишкектин тургуну көзү азиз селсякты үйүнө батырып алды

Жазылуу
11-кичи райондун аймагындагы ээн жеринде беш жыл бою күн кечирип келген Николай Зуев төрт күндөн бери жаңы тапкан досторунун үйүндө жашап жатат. Карыя досторуна өмүрү өткүчө карыздар экенин басса-турса оозунан түшүрбөйт. Таптаза, чачы тегизделген, жаңы кийим кийген өзүн күзгүдөн көргүдөй болсо тааныбай калары шексиз эле.

Бишкектин тургуну Виолетта Наумкина көзү көрбөй калган 63 жаштагы селсаяк Николай Зуевди үйүнө киргизип камкордукка алган. Карыянын көзү Афган согушундагы жардыруудан кийин көрбөй калган.

Композитор жана акын Бишкекте кайыр сурап турат
Зуев анын баш калкалай турган турак жайы бар экенин айтат. Бирок шылуундар үйдүн документине ээ болуп алышып, 2011-жылы карыяны үйдөн чыгарып коюшкан. Талаада калган көзү азиз Зуев 11-кичи райондун аймагына барып, бири-бирине жөлөнүп алачык сыяктуу турган бетон плиталарында түнөп калат да, ошол жерде беш жыл бою жашоого аргасыз болот.

Аны тамак-аш менен жергиликтүү тургундар камсыз кылып турушкан. Көп учурда балдар курсагын тойгузуп турчу. Зуев желим бөтөлкө жана түстүү металл чогултуп, тыйын-тыпыр таап турарын айтат.

Көчөдөн аны уулу менен жашаган Виолетта Наумкина алып кетүүгө бел байлаган. 

"Азиз адам жөнүндө уулумдун досу айтып берди. Көрсө алар кээде барып, тамак-аш берип турушчу экен. Бизге урушат деп айтышпаптыр", — дейт Наумкина.

Жалал-Абаддык селсаяк акчаны эмнеге топтоп жаткандыгын айтып берди
Аял өзү барып Зуевдин абалын көрөт. Арак ичпеген адам экенин билгенден кийин ага боору ооруп, тынчсыздана баштайт. Натыйжада үйүнө алып келип багууну чечет.

Зуев төрт күндөн бери жаңы тапкан досторунун үйүндө жашоодо. Дарыгерлердин текшерүүсүнөн өтүп, ден соолугу жакшы экени аныкталды. Жуунтуп, чачын тегиздеп, жаңы кийим кийгизип коюшту. 

Учурда карыя көрүүсүн калыбына келтирүүгө аракет кылып, досторуна жардам берүү үчүн кароолчу же короо шыпыргыч болуп иштөөгө далалат кылууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0