Маман айылындагы балдар зордук-зомбулукка каршы экенин сахналаштырып көрсөтүштү

Жазылуу
Жаш балдарга карата жасалган зордук зомбулуктар ар бир жаранды ойлондурбай койбойт. Бул багытта түрдүү деңгээлде иштер жасалууда.

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Маман айылындагы "Алтын Бешик" балдар бакчасынын тарбиялануучулары "Балдарга зордук зомбулуксуз жашоо" деп аталган атайын иш-чара өткөрүп, ага ата-энелер дагы катышты.

"Биз зордук зомбулука каршыбыз" деген бөбөктөр үй-бүлөөдөгү чыр чатакка, балдарга карата жасалган зордук зомбулук тууралуу айтып, аны сахналаштырып көрсөтүштү.

"Алтын Бешик" балдар бакчасынын жетекчиси Эркингүл Урманбетова балдарга карата зомбулуктун болушуна үч себеп бар экенин айтты.

"Үй-бүлөдөгү чыр чатак, ички, тышкы миграция жана социалдык теңсиздиктен балдардын зордук-зомбулукка кабылышына алып калат экен", — дейт ал.

Маман айылындагы "Алтын Бешик" балдар бакчасында 83 бала тарбияланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0