Чачы жер чийген Самара. Узун чачтын сулуулугу жана түйшүгү

Жазылуу
29 жаштагы Самара Абакирова чачын он беш жылдан бери өстүрүп келет. Өзүнүн бою 165 болсо, чачынын узундугу 160см. Керемет чачын кантип өстүрдү деп кызыгып жатсаңыз, сыры жөпжөнөкөй. Болгону камкордук жана чыдамкайлуулук керек.

Самара Абакирова чач өстүрүүсүнүн бирден бир себеби, ата-энесинин каршы болгондугун айтат. Андыктан чачын кыркпай, бапестеп өстүрүп келет. 

Жаш балбан чачы менен поезд жылдырып жана тоого ат көтөрүп чыгууга даярданууда
Абакирова чачына көбү суктанарын айтат. Айрымдары сүрөткө түшүп алалычы деп суранышат. Кээде улуу кишилер алкыш айтып, батасын беририн кошумчалап, бирөө жарым байкатпай кыркып кетеби деп да коркорун жашырган жок. Андыктан мүмкүн болушунча чачын түйүп жүрөт. 

Чачына кам көрүүдө түрдүү маскаларды, шампунь-бальзам жана элдик ыкманын айрым түрлөрүн колдонот. Чач кургатууда фенди жолотпойт. Маалы менен чачынын узундугун беш сантиметрден кыркып турат. Бир айга 1 литр шампунь жетет. Чач боектун табигый түрүн колдонот.

Абакирова узун чачты бапестем кароого көп убакыт кетерин айтат. Ошондой эле анын салмагынан баш тартылып, ооруксунттарын белгиледи.

"Кечеге бараарда чачыңды жасатканга туура келет, узундугунан улам жасалгалоо кымбат турат. 3000 сомдон башталат. Ошол себептен бир эле чач тарачка – Айсулуу Жунушалиевага кайрылам. Туруктуу кардары бологондуктан кызматы арзаныраак болот", — дейт ал.

Анткен менен Самара Абакирова чачын кыркып же өзгөртөйүн деген планы жок. Ал дагы өстүрө берерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0