Журналисттер мурдагы мэр Кулматов менен чогуу сүрөткө түшүп, кол чаап узатышты

Жазылуу
Бишкектин мурунку башчысы Кубанычбек Кулматов журналисттерди чогултуп, акыркы маалымат жыйынын өткөрдү.

Экс-мэр журналисттерге кызматтан кетип жатканынын себебин жана борбор калаанын келечеги тууралуу айтып берди.

"Кызматтан кетүүмө үй-бүлөлүк шартым себеп болуп жатат. Бир канча убакытка чет өлкөдө болушум керек. Шаар башсыз калбашы үчүн ушундай чечим кабыл алынды", — деди Кулматов.

Ал Бишкектин келечеги тууралуу пикирин айтып, өз ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди. Муну менен бирге Кулматов мэр болуп келе турган талапкерге кеңеш айтып, муниципалитеттин мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеп кылды. 

Шейшемби күнү Кубанычбек Кулматов өз ыктыяры менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. Учурда мэрдин милдетин вице-мэр  Айгүл Рыскулова аткарып жатат.

Бишкектин мурунку башчысы Кубанычбек Кулматовдун акыркы маалымат жыйынынын толук версиясын Sputnik Кыргызстан Youtube-каналынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0