Травиата, дирижер жана көрөрман — дүйнөлүк опера жылдыздары Бишкекте концерт тартуулашты

Жазылуу
Бишкекте дүйнөлүк опера жылдыздары Жамиля Раимбекова (сопрано) менен Гэрри Давислимдин (тенор) концерти болуп өттү. Кечге Майкл Рольф Кук дирижерлук кылды.

Концерттеги башкы дирижер Майкл Рольф Кук. - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөлүк опера жылдыздары Бишкекте. Концерттен ирмемдер
Дүйнөлүк опера өкүлдөрү бейшемби күнү Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында концерт беришти. "Опералык классиканын шедеврлери" деп аталган кечеде Асанкан Жумакматов атындагы Мамлекеттик академиялык симфониялык оркестрдин коштоосу менен Джузеппе Верди, Джакомо Пуччини, Жорж Бизе, Пьетро Масканьи жана Джоаккино Россининин чыгармалары жаңырды.

Чет элдик коноктордон тышкары концертке тенор Саян Исин, сопрано Заира Раимбекова жана көркөм жетекчи, башкы дирижер Рахатбек Осмоналиев катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0