Карыздардан кутулуу үч жылга чейин узартылды – Сариев дыйкандарды колдоо тууралуу

Жазылуу
Премьер-министр Темир Сариев "Биринчи радионун" түз эфиринде өкмөт дыйкандарга кандай жардам берип жатканын айтып, айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча кандай аракеттердү көрүү каралып жатканын түшүндүрүп берди.

Өкмөт башчынын айтымында, насыя берүүнүн шарттары өзгөрдү. Эгер буга чейин жеңилдетилген насыя эки жылга гана берилсе, эми аны төлөөнүн мөөнөтү үч жылга чейин узартылган. Насыяны төлөө аны алган күндөн кийин алты айдан соң башталат.

"Андан сырткары 100 миң сомго чейин күрөөсүз насыя берип баштады. Былтыр айыл чарба тармагына беш миллиард сомго дейре насыя берилди. Быйыл анын көлөмүн 10 миллиард сомго чейин чыгаруу пландалууда. Ошондой эле, Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фонду боюнча беш жылга чейин 12 пайыз менен насыя берилип баштады", — деди Сариев.

Эгемендүүлүк жылдары асыл тукум малдын башы он эсе азайган. Ошондуктан өкмөт сынамак долбоор үчүн 31 айылды тандап алды. Ал жакта малды жасалма жол менен уруктандыруу иштери жасалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0