Бала кезинен майып болгон КР жаранын Футбол боюнча Азия чемпионатына чакырышты

Жазылуу
Кыргызстандын көчө футболу боюнча федерациясы бала кезинен майып Андрей Андреевди Гонконгдо болуучу Азия чемпионатында өлкөнүн курамасы үчүн ойноого чакырды.

21 жаштагы кыргызстандык Андрей Андреев 11 жыл бою майыптардын коляскасында отурган. Ал Беловодск айылындагы майып балдардын үй-интернатында чоңойгон. Туура он жыл мурда 12 ирет операция жасалгандан кийин бутуна турган.

Анын айтымында, Роналдиньонун катышуусундагы футболду көргөндөн баштап спорттун бул түрүнө кызыгып калган. Ал топ тээп футбол ойноо үчүн бардык аракетин жумшаган. Акыры өз алдынча туруп топ кубалап, футбол ойногонго жетишкен.

"Башында үй-интернаттын көчө футболу боюнча курама командасына кирдим. Мен футбол ойной аларымды далилдеш үчүн Бишкектен Кантка чейин (25 чакырым) төрт саатта чуркап бардым", – дейт ал.

Учурда ал бухгалтер адистиги боюнча окуп, башка балдар менен тең тайлаша ойнойт. Андрей аны майып деп айткандарды жактырбай турганын айтат.

"Балким документ боюнча мен жетим болушум мүмкүн. Бирок, досторум мен үчүн чоң үй-бүлө болуп калды. Эл аралык деңгээлде футбол ойносом деген тилегим бар эле, мына ал минтип ишке ашып отурат. Жакында эле мени Гонконгдо өтүүчү Азия Чемпионатына катышуу үчүн чакырышты. Бирок, ага барыш үчүн 100 миң сом керек", — дейт ал.

Андрей учурда жатаканада достору менен жашап, кароолчу болуп иштейт. Тапкан акчасын окуусуна жана башка чыгымдарына жумшайт. Азырынча көптөн күткөн кыялын орундатыш үчүн керектүү каражатты таба элек. 

Жаңылыктар түрмөгү
0