DOXA арт тобу: кийинки портретти төрт кабаттуу үйдүн дубалына чегебиз

Жазылуу
Сүрөтчү Дмитрий Петровский менен Сергей Келлер "болгарка" менен Кыргыз ССР эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун элесин шаардагы мекемелердин биринин дубалына чегишти. Балдар эми бул ыкманы кеңири колдонууну пландап жатышат.

 Бул — балдардын чыгармачылыгындагы жакшы эмгектердин бири болуп калчудай.

Өжөр студенттер 13,5 миң мыктан жана 20 чакырым жиптен желек жасашты
Мындай сүрөттөрдү тартуу үчүн сүрөтчүлөр болгарканы колдонушат.

Буга чейин DOXA тобу кыргыз элинин сыймыктуу уулу Сүймөнкул Чокморовдун жаңы сүрөтүн Facebook тармагындагы баракчасына жайгаштырган. Алардын бири Дмитрий Петровский Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине бул эмгекти жасоого төрт күн даярданышкандыгын айтып берди. Эми балдар сүрөттү түшүрүүнүн бул техникасын төрт кабаттуу бийик үйдүн бооруна тартууда колдонсок деп турушат.     

DOXA сүрөтчүлөр тобу көп кабаттуу үйлөргө, имараттардын ичине ар кыл сүрөттөрдү түшүрүү менен алектенип, төрт жылдан бери тажрыйба топтоп келишет. Алардын чыр-чатактуу эмгектеринин бири — Боом капчыгайына тартылган граффити эле. Ага нааразы болуп, өздөрүн активистпиз деген бир катар жарандар капчыгайдын боорундагы сүрөттү чампалап, өчүрүүгө аракет кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0