Президент Атамбаевди Москвада кучак жайып тосуп алышты

Жазылуу
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Москвага болгон иш сапарынын алкагында РФ башчысы Владимир Путин менен кыргыз-орус кызматташуу маселелерин талкуулай турганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Аэропорттон Атамбаевди Федералдык бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельянинов тосуп алды.

Атамбаев Воркутадагы шахта кырсыгына байланыштуу Путинге көңүл айтты
Жолугушуу маалында негизги басым эки өлкөнүн соода-экономикалык байланышын бекемдөөгө жасалмакчы.

Кремль эки лидердин жолугушуусунда негизги көңүл ЕАЭБ алкагында Кыргызстан менен Россиянын соода-экономикалык мамилелерин бекемдөөгө буруларын белгиледи.

Учурда ЕАЭБге Кыргызстан, Россия, Армения, Белоруссия жана Казакстан мүчө. Биримдиктин саммити 2016-жылдын жаз айларында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0