Жалал-Абад милициясы дайынсыз жоголгон күрөөкана ээсинин сөөгүн тапты

Жазылуу
22-февраль күнү эртең менен саат 10:00 чамасында Жалал-Абад шаарынын тургуну 52 жаштагы Алмакан Бапиева өзүнүн Honda CR-V үлгүсүндөгү автоунаасы менен Жалал-Абад шаарындагы Колхоз базарында жайгашкан күрөөканага ишке кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Аял күрөөкананы иштетип келгенин Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 

Күрөк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзүнөн 30 жаш улуу аял менен жашап жүргөн жигит аны өлтүрүп салгандыгын моюндады
2016-жылдын 24-февраль күнү Жалал-Абад ШИИБнин нөөмөт бөлүмүнө аталган аялдын 27 жаштагы баласы арыз менен кайрылган.

Жалал-Абад ОИИБнын кызматкерлери тынымсыз ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, аялдын сөөгүн шаардын четиндеги цемент менен куюлган кудуктан тапкан.

Ошондой эле шектүү жаран кармалган. Анын көрсөтмөсү боюнча дайынсыз жоголгон аял киши колдуу болуп өлтүрүлгөндүгү аныкталган.

Учурда аялдын сөөгү кудуктан чыгарылып, сот-медициналык экспертизага жөнөтүлдү.

Бул боюнча азыркы учурда КЖКнын 97-беренеси менен кылмыш иши козголуп тергөө жумуштары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0