Жаратылышты жан дили менен коргогон токойчулар жана аларга жардам берген иттер

Жазылуу
Жапайы жаратылыштын дүйнөлүк күнүнө карата браконьерлерге каршы күрөшкөн кыргызстандык он токойчу сыйланды.

Нарын мамлекеттик коругунун токойчусу Кумарбек Талипов 2015-жылы сентябрда корукка мыйзамсыз аңчылыкка келген браконьерлерге каршы күрөшкөн. 

Анын айтымында мас абалындагы браконьерлер кийик атууга келишкен, бирок тоого чыгууга үлгүргөн эмес.

"Браконьерлер кирген аймак сегиз саат узак жерде жайгашкан. Биз барсак мас абалындагы кишилер каршылык көрсөтүштү. Алардын бирөөнүн жанында ок отуучу курал болгон. Ошондой эле көп күндүк тамагын даярдап келишиптир", — дейт ал.

Террорчулардын колунан каза тапкан егерь өлгөндөн кийин сыйланды
Талипов мылтыкты араң алышканын айтат. Алардын аракети далилдердин негизинде сотко жетип, сот куралы бар жаранды үч жылга эркинен ажыратканын кошумчалады.

Нарын мамлекеттик коругунда бугу, марал, илбирс, аюу, сүлөөсүн сыяктуу сейрек кездешкен жаныбарлар бар. Коруктун токойчусу Кумарбек Талипов берилген сыйлык алардын ишине стимул берерин айтат.

Ошондой эле, токойчулардын ишине иттер да жардам беришет. Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында иттер браконьерлер менен күрөшүүдө кандай жардам берери көрсөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0