Сорогой элечектин өзгөчөлүгү жана аны ороо ыкмалары

Жазылуу
Кыргызстанда аймактардагы өзгөчөлүктөрдөн улам элечек ороонун "Түндүк", "Түндүк-батыш"," Түштүк" жана "Түндүк-түштүк чек арасындагы Фергана өрөөнү" болуп төрт түрү аныкталган.

Кыргыз аялдары байыркы баш кийимдердин бири болгон элечекти качантан баштап ороно баштаганы белгисиз, дейт "Кийиз дүйнө — көчмөн руху" долбоорунун мүчөсү Эмил Тилеков.

Анын айтымында, изилдөөчүлөр Кушан падышачылыгынын доорунда Орто Азиянын аймагында жашаган аялдар баштарына элечек сыяктуу оромолду оронуп келишкенин, болгондо да аны бала-чакалуу болгон келиндер пайдаланышканын аныкташкан. 

"Кыргыздарда деле мурда жаңы келинге жоолук салып, качан анын согончогу канап, көз жаргандан кийин гана элечек орошкон", — дейт Тилеков.

Кыргыз тилин үйрөнүп жаткан Екатерина Михайлова чачын беш көкүл өрдүрдү
Изилдөөчү Кыргызстанда элечектин түрү жана аны ороо ыкмасы аймакка карата бири-биринен айырмаланып келгенин айтат. 

Сорогой элечекти Алай менен Памирде жашаган аялдар оронушкан. Аты айтып тургандай маңдайкы жагы сороюп, мата такыяга оролот. Андан кийин элечектин үстүнөн сайма сайылып кооздолгон жоолук ташталат. Бул абдан байыркы түр болуп эсептелинет. Айрым маалыматтар боюнча анын Индия тараптан ооп келгени да айтылат. Сорогой элечек башка аймактардыкына караганда оңой оролот. Ага баш-аягы 8-10 метр кездеме керектелет. 

Сорогой элечек оронгон аялзаты жумуш жасаганда жоолуктун эки учу артка ташталып, же артка кайрылып эки учун байлап койгон. Бир орогон боюнча аны үч-төрт күн оромун бузбай пайдаланууга мүмкүн болгон. 

Тилеков элечек сөзсүз түрдө ак түстө болгонун белгилейт. Анын айтымында, ак — бул энеликтин белгиси болуп келген. 

"Кийиз дүйнө — көчмөн руху" долбоорунун координаторлору Айпери Асыгалиева менен Нуржамал Асангулова аталган элечектин түрүн ороону түштүк аймакта жашаган апалардан үйрөнүшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0