Бишкектин жаштары ак калпак күнүн белгилешти

Жазылуу
Жаштар баштарына ак калпак кийип, колдоруна Кыргызстандын желегин кармап "Ала-Тоо" аянтын карай жөө жүрүшкө чыгышты.

Аталган иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы филармониядан башталып, борбордук аянтта уланды.

Калпак кийген окуучу бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эмне үчүн ак калпак кийүү керек? Жети себеп
Жүздөгөн жаштар "Кыргызстан" деп ураан чакырып, ак калпак күнүн майрамдашты.

Борбордук аянтта калпактардын чакан көргөзмөсү да уюштурулду.

Ошондой эле, Гиннес китебине кире турчу 3 метрлик калпак да шаар тургундарына тартууланды.

Бул иш-чара "Ак шумкар КУТ" жаштар уюму, "Көчмөн" коомдук фондусу жана республикалык "Манас жаштары" ордосу, "Көчмөн Номад", "Агрардык платформа" коомдук бирикмеси тарабынан өткөрүлүүдө.

"Ак калпак" күнү Кыргызстанда 2011-жылдан тарта белгиленип келет.

Кыргыздын улуттук баш кийими тууралуу баардык маалыматты Sputnik инфографикасынан көрө аласыздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0