(0:47 / 4.71Mb / )

Каптаган кара түтүн. Орто-Сай базарындагы тез татым өрттөндү

479
(жаңыланган 22:38 08.03.2016)
8-мартта саат 15.00дөр чамасында Бишкек шаарындагы Орто-Сай базарындагы тез татым өрттөндү.

Алдын ала маалыматтар боюнча жапа тарткандар жок. Чыккан кара түтүн жакын жайгашкан башка соода күркөлөрүн каптап,  тез татымда иштегендер сыртка чыгаралган.

Эгер сиз кандайдыр бир окуянын күбөсү болсоңуз, аны сүрөткө же камерага тартып алсаңыз, медиафайлдарды биздин Whats App каналыбызга +996 706 566 544 номери боюнча жөнөтсөңүз болот.

479
Белгилер:
Бишкек, Орто-Сай базары, өрт, Whats App канал
Тема боюнча
Бишкектеги Орто-Сай базарындагы тез татым өрттөндү
ӨКМ: УКМКнын пластик дубалдары менен сырткы бети өрттөнгөн

Президент Садыр Жапаровдун маалымат жыйыны. Видео

131
(жаңыланган 15:52 23.10.2021)
Мамлекет башчы Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бири нече саатка чукул маектешмекчи.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат жыйын берип жатат.

Иш-чара "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүүдө.

131
Белгилер:
Кыргызстан, Садыр Жапаров, Маалымат жыйыны, 'Ала-Арча' мамлекеттик резиденциясы
Тема:
Жапаровдун 2021-жылдын октябрындагы маалымат жыйыны
Тема боюнча
Садыр Жапаровдун маалымат жыйыны. Онлайн репортаж

Бишкекте алп жаныбарлар менен заманбап техника көрсөтүлдү. Видео

288
Бишкектин чок ортосунда 200дөй компания айыл чарбага тиешелүү продукцияларды үч күндүк көргөзмөгө алып чыкты. Шаардыктар асыл тукум малдан тарта заманбап техникага чейин көрө алышат.

Өкмөт үйүнүн алдында "АгроТехЭкспо 2021" жана "Алтын күз" аталышындагы эки жарманке өтүп жатат. Көргөзмөгө чыккан ишканалардын арасында кыргызстандык гана эмес, чет элдиктер дагы бар.

Чүй облусундагы жылкы чарбачылыгынын өкүлү Василий Саратовцев жарманкеге алып келген Ледокол аттуу айгыр тууралуу айтып берди. Першерон породасындагы бул жылкынын салмагы 915 килограмм.

"Мен муну алты айлык кезинде Россиядан алып келгем. Биздин шартта тарбиялагым келген. Бир жылдык болгондон тарта үйүргө кошуу үчүн даярдадым. Анткени биздин тоолорго, климатка көнүшү керек эле. Чоңойгондо алып келсең, көнүп кетерине көзүм жетпейт. Бул жылкыны тукум алуу үчүн алып келгем. Азыр кулундары туула электе эле алам дегендер көп. Алдын ала келишимдер түзүлөт. Баасы сүйлөшкөнгө жараша ар кандай болуп калат. Азыр алп жылкылар менен алардын кулундары спорттук аттарга караганда пайдалуу болуп жатат. Айрымдар көк бөрүгө, башкалар тукум алуу үчүн алышат", — деди фермер.

Кургакчылык күч алып жаткандыктан, мындагыларды Италиядан алып келинген сугат машинасы кызыктырды. Сугат техникасы менен алектенген компаниянын өкүлү Чубак Байконовдун айтымында, техниканын баасы 15 миң евро.

"Биринчиден, сууну үнөмдөйт, экинчиден, ар бир өсүмдүк өзүнө керектүү гана өлчөмдө суу алат. Үчүнчүдөн, суу тамырына чейин жетет. Түшүм жакшы болушу үчүн тамырында суу эмес, ным болушу керек", — деди адис.

Көргөзмө 24-октябрга чейин уланмакчы.

288
Белгилер:
Кыргызстан, Бишкек, жарманке, техника, асыл тукум, мал, видео, АгроТехЭкспо
Тема боюнча
Кожогулов: 450 техника дыйкандарга жеңилдетилген шартта берилет
Фермерлер Чоң Чүй каналынын суусунан канткенде көз каранды болбойт. Шарты
КМШ желектери. Архивдик сүрөт

Бишкекте КМШнын коопсуздук кызматынын өкүлдөрү жолукту. Эмне талкууланды

0
(жаңыланган 16:23 23.10.2021)
Кеңешмеде КМШ мамлекеттери террордук активдүүлүк күчөгөн аймактарга география жактан жакын экенин эске алуу менен бир нече багыт боюнча ишти улантуу зарылдыгын белгилешкен.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Бишкекте КМШга мүчө мамлекеттердин коопсуздук органдарынын, атайын кызматтардын жана укук коргоо органдардын өкүлдөрүнүн XI аймактык эксперттик кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын коопсуздук кызматынын өкүлдөрү менен КМШнын коопсуздук көйгөйлөр боюнча илимий изилдөө институтунун эксперттери катышкан.

"Жыйындын алкагында Афганистанда ички саясий кырдаалдын курчушунда Борбор Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн ыкчам абалынын өнүгүү өзгөчөлүктөрү боюнча пикир алмашуу болду. КМШ мамлекеттери террордук активдүүлүк күчөгөн аймактарга географиялык жактан жакын экени, андан улам элге терроризм идеологиясын жайылтуу, экстремисттик жана террордук  иштерге тартуу коркунучу жаралып жатканы айтылды", — деп жазылган маалыматта.

Иш-чаранын катышуучулары бир нече багыт боюнча ишти улантуу зарылдыгын белгилешкен:

  • Борбор Азиядагы террордук, экстремисттик уюмдардын жана мыйзамсыз куралдуу топтордун абалына жана ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн мониторинг боюнча маалымат алмашуу;
  • жан кечтилерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн аныктоо үчүн миграциялык агымдарды тактоо;
  • террордук мүнөздөгү кылмыштарды жасап, жазадан качкандарга мамлекеттер аралык издөө жарыялоодо координацияланган иш-чараларды жүргүзүү.
0
Белгилер:
УКМК, КМШ, коопсуздук, терроризм
Тема боюнча
Медетбеков: ЖККУнун аскердик окутуулары террордук уюмдарга белги болот
УКМК эмнеге унчукпай отурушу керек. Жапаров атайын кызматтардын тыңшоосу боюнча айтты