Россия президентинин колунан медаль алган Исаев Путинге ыраазычылык билдирди

Жазылуу
Москвада иштеп жүргөн Марат Исаев 11-февралда "Красносельская" станциясында эс-учун жоготуп темир жолго кулап түшкөн аялды полиция кызматкери менен сактап калган.

Бүгүн, 10-март күнү Кремлде РФ президенти Владимир Путин кыргызстандык Марат Исаевге көрсөткөн эрдиги үчүн медаль такты.

Москванын мэри аялды сактап калган Исаев менен Королюкка ыраазычылык катын тапшырды
Мындан бир ай мурун Москванын "Красносельская" станциясында эс-учун жоготкон аял темир жолго кулап кеткен. Өз өмүрүн тобокелге салуу менен Исаев полиция кызматкери Артем Королюк менен бирге аялды өлүмдөн алып калышкан.

Буга чейин Москва шаарынын мэри Сергей Собянин көрсөткөн эрдиги үчүн кыргызстандык Исаев менен милиция кызматкери Артем Королюкту сыйлаган. 

Муну менен бирге 18-февраль күнү Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде Исаевди сыйлоо салтанаты өткөн. Анда кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан кол саат тапшырылып, 100 миң сом берилген. Элчилик да Исаевдин эрдигине баа берип, баалуу белек ыйгарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0