Көлдүктөр мамонтко окшош жандыктын сөөгүн кандайча табышканын айтып беришти

Жазылуу
Баалуу табылга жер алдында 15-20 метр тереңдикте экени айтылууда. Сөөктү тапкандар азырынча анын абалы жакшы экенин, бирок четинен упурай баштаганын билдиришти.

Үстүбүздөгү жылдын 10-март күнү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң суусунун жанынан жергиликтүү тургун Эрмек Кулетов айылдаштары менен мамонтко окшош жандыктын баш сөөгүн табышкан

Көлдө мамонтко окшош жандыктын сөөгүн тапкан тургундар акчалай сыйланмай болду
Алгач буга маани бербеген жашоочулар казып көрүп, жаз келип, кардын эриши менен аны казып, сөөк мамонттукуна окшош экенин аныкташкан. 

Кулетовдун айтымында, сөөк тереңде жайгашкандыктан казууну токтотуп коюшкан. Учурда анын айрым бөлүгү упурап баратканы айтылууда. Жергиликтүү жашоочулардын айрымдары келип сөөктөн сындырып кетип жатышканын айыл тургуну Рыскул Шынгыбаев айтып берди. Ал мындай баалуу нерселерге туура мамиле жасоону үйрөнүү керектигин кошумчалады.

Баалуу табылга учурда өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Аскат Акибаевдин жеке көзөмөлүнө алынып, кечээтен бери бул аймак курчоого алынды. Сөөктү милиция кызматкерлери кайтарып турат.

Ал эми сөөктү таап, казган тургундарды облус башчысы акчалай сыйлык тапшыра турганын белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0