Бүркүттөр, тайгандар жана таза кандуу жылкылар. Нарында Салбурун боюнча турнир өттү

Жазылуу
Нарындын Алыш айылында эки күнгө созулган Салбурун мелдеши болду. Ал экинчи ирет өтө турган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна карата даярдык иретинде өттү.

Кыргызстандын эң мыкты бүркүттөрү
Аталган турнир 12-13-мартта "Илбирстерди сактайбыз" урааны алдында болуп, анда өлкөнүн төрт облусунун спортчулары катышты.

Узундугу 10 чакырымды түзгөн оюн талаасында 200гө чукул чеберлер улуттук спорттун төрт түрү — тайган салуу, куш салуу, жамбы атуу жана жаа атуу боюнча күч сынашты.

Мелдешти Кыргызстандын Салбурун федерациясы уюштурду. Анын айтымында, бул турнир экинчи ирет боло турган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна карата даярдык иретинде өткөрүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0