Бүйүр кызыткан көк бөрү турниринин финалдык оюну

Жазылуу
"Сары-Өзөн" (Чүй) командасы "Достукту" (Ош) Нооруз майрамына карата өткөн турнирдин финалдык оюнунда жеңип алды. Бул тууралуу Улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекциянын маалымат кызматы билдирди.

Салбурун: көлдүктөр алдыга озуп чыкты
Нооруз майрамына карата уюштурулган көк бөрү боюнча турнирдин финалдык оюну 21-март күнү "Ак кула" ат майданында өттү. Турнирде жалпысынан 16 команда катышкан. Биринчи орунга болгон кармашта Чүйдүн "Сары-Өзөн" командасы Оштон келген "Достукту" 11:5 эсебинде утуп алды. 

Эске сала кетсек былтыр да Ноорузга арналган турнирди Чүйдүн "Сары- Өзөн" командасы жеңип алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0