(2:33 / 15.30Mb / )

Аксыда элдин алдында өкмөт башчы Сариев менен оппозициячы Бекназаров жаакташа кетти

1032
(жаңыланган 15:19 24.03.2016)
Аксы районунун борбору Кербен шаарында кыргыз-өзбек чек арасында түзүлгөн кырдаал боюнча митингде аймакка иш-сапар менен барган Темир Сариев ал жерде митинг өткөрүп жаткан Азимбек Бекназаров экөө айтыша кетти.

Сариев алгач, райондук активдери менен жолугуп, андан соң администрация алдындагы чогулган элге келгенде ал жерде экс-депутат Бекназаров баштаган оппозиция өкүлдөрү менен эл алдында сүйлөп жаткан.

"Биздин бийлик эмнеге мындай болуп калды. Биздин президенттер коңшу же чет өлкөлөр менен теңата саясат жүргүзө алган жок. Андыктан, Үзөңгү-Куушту кытайларга бердик. Ошондо эле талаш, такталбаган жер экен деп айтышкан", — деди Бекназаров.

Жыйынга жаңы келип турган премьер Сариев Бекназаровго кайчы пикирин билдирди.

"Сиздин көзүңүзгө тик карап туруп айтайын. Ошондо өзүңүзгө эң кыйын маселе түштүктө, чек аралар ошол жерде тирүү кесилет, ошого көңүл буралы дегенмин. Сизде эки ирет мүмкүнчүлүк болду. Биринчиси, 2005-жылы болду. Андан кийин 2010-жылы эки тизгин бир чылбырды кармап Убактылуу өкмөттүн курамында отурдуңуз, анда чечкен жоксуз. Бул жерде куру кыйкырыктын кереги жок", — деди Сариев.

Ал чек ара маселелери Жамааттык коопсуздук боюнча келишим уюму, Бириккен улуттар уюму, Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдары менен сүйлөшүп, чечүү жолдору каралып жаткандыгын айтты. 

"Урматтуу мекендештер,кызуу кандуулукка алдырбайлы. Өзү да (Бекназаров – ред.) бул сүйлөшүү жолу менен чечиле турган маселе деп жатат. Президент Атамбаев сүйлөшүп жатат, Сариев да сүйлөшөт", — деди өкмөт башчысы.

2016-жылдын 18-мартында өзбек тарап Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Кыргызстан менен болгон чек арасына зооттолгон эки транспортту, 40ка чукул аскерин койгон. Бир жактуу негизде "Маданият" көзөмөл өткөрүү пунктун жапкан. Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара комитети Нооруз майрамына көрүлгөн даярдыктан улам, чек араларын бир тараптуу бекемдегенин билдирген.

Тышкы иштер министрлиги Өзбекстанга чек арадагы блок-постторду алуу боюнча нота жөнөткөн. 

Учурда блок-посттор алына элек, бирок, Тараптардын сүйлөшүүлөрүнөн улам Чаласарт аймагын көзөмөлдөп турган эки өлкө аскерлери кыскарып, сегизден гана аскер калган.

Бүгүн, 22-мартта премьер-министр Темир Сариев Жалал-Абад облусунда бир күндүк иш-сапар менен барган.

1032
Белгилер:
Жалал-Абад, Аксы, Кербен, Темир Сариев
Тема:
Өзбекстан КР менен болгон чек арасына БТРлерди жайгаштырды (54)
Тема боюнча
Аксы районундагы чек арада турган жоокерлерге Жалал-Абаддын жаштары жардам берди
Аксыда чек ара боюнча митинг тынч өтүп, эл тарады
Сариев: Кыргызстан чек ара боюнча ЖККУга кайрылды

Мыкты экен! Бийлик ойлоп табуучулардын "үйүн" ачты. Видео

143
Бүгүн, 27-октябрда, Бишкекте Кыргызстандын алгачкы мамлекеттик инновациялык борборунун расмий ачылышы болду. Анда жаңы жабдыктарды ойлоп таап, идеясын ишке ашыргысы келгендер үчүн тийиштүү шарттар түзүлгөн.

Борбор Кыргызпатенттин алдында түзүлүп, ачылыш аземге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.

"Ушуну менен токтоп калбастан инновациялык инфратүзүмдү аймактарга дагы жайылтышыбыз керек. 2024-жылга чейин Кыргызстандын бардык облустарында дал ушундай инновациялык борборлорду ачууну сунуштайм жана бул тапшырманы аткаруу Кыргызпатенттин жамаатынын колунан келерине терең ишенем", — деди төрага.

Инновациялык борбордун директорунун милдетин аткаруучу Касиет Качаганова төмөнкүлөрдү билдирди.

"Инновациялык борбор беш аянтчадан турат. Биринчиси — китепкана, экинчиси — балдар лабораториясы, үчүнчүсү — конференц-зал, төртүнчүсү — өндүрүш лабораториясы, бешинчиси — коворкинг-борбору. Башкача айтканда, биз инновациялык экосистеманын бардык блокторун камтыган аянтчабыз. Китепканадан сиздер билим, теория алсаңыздар, балдар лабораториясынан бир нерсени ойлоп табууга үйрөнөсүздөр. Коворкингден идеяларды иштеп чыгып, өндүрүш лабораториясынан өзүңүздүн продукцияңызды чыгарасыз. Ал эми конференц-залдан жыйынтыгын презентациялайсыз", — деди Качаганова.

Ал эми FabLab индустриалдык инновация бөлүмүнүн кызматкери Айдар Алымбековдун айтымында, борбордо ойлоп табуучулардын ойлоп тапкан нерсесинин алгачкы үлгүсүн жасоого жардам берилет.

"Бизде санариптик программа менен башкарылган фрезердик станок, лазердик гравер, 3D-принтерлер, электрондук-тигүүчү машина, 3D-сканерлер бар. Fablab бөлүмүнүн максаты — ойлоп табуучулар менен стартаперлерге ойлоп тапкан нерсесинин алгачкы үлгүсүн жасоого жардам берүү. Бул жердеги аппаратура жыгачты, металлды кескенге, жаңы жабдыктардын деталдарын жасоого ылайыкташкан. Бардыгы сизден, сиздин идеяңыздан көз каранды", — деди ал.

Бийлик бул борбор бизнес менен ойлоп табуучулардын диалогу үчүн аянтча болуп берерине ишенүүдө. Бул аянтчаны түзүүгө 35 миллион сом сарпталып, Грузия менен Түштүк Кореянын тажрыйбасы колдонулган. "Кыргызпатент" борбордун эшиги бардык каалоочулар үчүн ачык деп убадалады.

143
Белгилер:
Кыргызстан, Кыргызпатент, ойлоп табуу, Мамлекеттик инновациялык борбор
Тема боюнча
Окуучулар үчүн! Ойлоп табуучулук боюнча кыргызча окуу куралы жарык көрдү

Чоң бакалардын мушташканын көрдүңүз беле? Айыгышкан кармаштын видеосу

120
(жаңыланган 18:31 27.10.2021)
Африка мамлекеттерин биз көрүп-билгенден да чоң бакалар мекендейт. Алардын көлөмү 24,5 сантиметр, ал эми салмагы 1,4 килограммга чейин жетет.

Дал ушул жаныбарлардын аёосуз кармашынын видеосу BBC басылмасынын Youtube-каналына жарыяланды.

National Geographic басылмасы жазгандай, мындай чоң бакалар жылан, чычкан, чымчыктарга аңчылык кылышат. Күндүз алар сууда жашынып жатышат же жээкте болушат дагы аңчылыкка түндө чыгат. Чоң бакалардын үнү ачуу болот. Айрыкча көбөйүү учурунда ургаачы бакаларды тартуу үчүн үндөрүн өктөм чыгарып калышат. Ургаачы бакаларга ээлик кылуу үчүн кыйкырып койгон жетиштүү эмес. Алар атаандаштары менен кармашып, аларды жеңген соң гана ээ болушат.

120
Белгилер:
бака, кармаш, видео, жаныбарлар
Тема боюнча
Жырткычтай эмес... Балык кармап жеп, үйүрү менен жүргөн ягуарлардын видеосу
Асма керебетке чыга албай убара болгон аюулардын күлкүлүү видеосу
Колбаса азыктары. Архив

Жумасына жарым килограммдан көп жебеш керек. Эттин кооптуулугу эскертилди

23
(жаңыланган 09:57 28.10.2021)
Адис "жаман" майлар туурасында да эске салып, алар майонезде, маргаринде жана чочко майында бар экендигин айткан.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Адам ичегисинин былжыр челин жакшы абалда сакташ үчүн кооптуу деген азыктардан баш тартып койгону дурус. Бул туурасында немец дарыгери Томас Фрилингдин башка басылмаларга айткандарына таянып РИА Новости жазды.

Адис колдон келсе жебей койгондон өтөрү жок деген азыктардын башына кантты койгон. Дарыгер таттуу болгон жерде бактериялардын кайсы бир түрү жакшы көбөйө тургандыгын эскертти. Андан аркы тизмесине туздалган, ышталган тамактар жана колбаса азыктарын кошкон.

"Булар канцероген заттары бар делген тизмедеги тамактардын катарына кирет, ошон үчүн кадимки кызыл этти (балык менен тооктукунан башкасын) да жумасына 500 граммдан ашык жебеш керек", — деген Фрилинг.

Адис "жаман" майлар туурасында да эскертип, алар майонезде, маргаринде жана чочко майында бар экендигин айткан.

Фрилинг пайдалуу азыктарды да санап берген. Биринчи орунда жашылча жана буурчактар турарын, алардын курамында клетчатка сыяктуу азыктар бар экенин айткан. Андан кийинки орунга банан, балык, жемиштердин пюреси, мундир кылып жасалган картошка жана кара нан чыккан.

23
Белгилер:
ден соолук, азык, дарыгер, кеңеш, колбаса, зыяндуу, банан, пайдалуу
Тема боюнча
Диетолог суукта, локдаунда кантип салмак кошпой жүрүүнүн жолун айтып берди
Дарыгер пиязды ашыкча колдонуунун кесепетин айтты