Германия кызыккан "кыргыз виаграсынын" сырларын биолог ачып берди

Жазылуу
Дары чөптөрдү мыкты билген биолог Дамира Кампабекова Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысына кыргыз "виаграсын" кантип даярдай турганын көрсөттү.

Дамира Кампабекова билими боюнча биолог, 20 жылдан ашуун тоодо өскөн дары чөптөрдү чогултуп келет. "Кыргыз виаграсы" деген ат менен белгилүү болгон "бугу тамырын" Нарындын бийик тоолорунан казып алат.

"Биздин максат — таза дары-чөптөрдү өстүрүп, чет өлкөлүк алармандарды табуу. Айыл өкмөттөн 2 гектар жер сурап, плантация кылып жалаң дары чөптөрдү айдоо ниетибиз бар", — деп билдирди Кампабекова.

Биологдун айтымында, "бугу тамырын" ата-бабаларыбыз илгертеден эле колдонуп келген.

"Ал ондон ашык илдетти дарылайт, ишке болгон жөндөмдүүлүктү арттырып, күч-кубат берип, өзгөчө, эркектердин бел күчүн жогорулатат. Жашартуучу касиетке да ээ, муну илимпоздор изилдеп, дары чыгарып жатат", — дейт Кампабекова.

Фармакологияда колдонулган "бугу тамырын" учурда чийки зат түрүндө Германиянын жарандары алып кетет.

Кампабекованын маалыматы боюнча, учурда өлкөбүздөгү органика катары бааланып жаткан чөптөргө арабдар, түрктөр да кызыгууда. Ал эми германиялыктар арбын көлөмдө сатып алууга даяр экен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0